Папан ойдуңу

Википедия дан

Папан ойдуңуАк-Буура суусунун алабында; Кичи-Алай тоосу, Көкбел жана Кара-Сөгөт адырлары менен курчалган. Ош шаарынан түштүк тарапта. Кеңдик багытта 23 кмге чейин созулат. Туурасы 4-5 км. Таманы деңиз деңгээлинен 1250–1600м. бийикте жатып, тегерегиндеги тоолор менен адырлардан 600–700 м. төмөн. Таманы төртүнчүлүк мезгилдин аллювий, пролювий чөкмөлөрү (кум, чопо, шагылдар ж. б.) менен толуп, түндүктү карай жантайыңкы жайгашкан. Ойдуңдун таманы менен Ак-Буура суусу агып, Каптар капчыгайы тушта суу сактагычка айланган. Климаты кескин континенттик, кургакчыл, январдын орточо. Температурасы 4-5°С, июлдуку 24–25°С. Жылдык жаан-чачыны 300–350мм. Таманы суу сактагычтын капталдарын жарым чөл, кургак талаа жана талаа ландшафттары ээлейт. Мында Алчалы, Папан кыштагы. жайгашкан. Капталдары чөп чабынды жана жайыт.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан географиясы.Мамлекеттик тил комиссиясы”- Бишкек-2004.