Папоротник сымалдар

Википедия дан
Папоротник сымалдар.

Папоротник сымалдар (лат. Pteridophyta) — мамык чөптөрдөн башка уруксуз, татаал түзүлүштүү өсүмдүктөр тобу.

Папоротник сымалдардын мамык чөптөрдөн айырмасы — спорофити (жыныссыз мууну) жакшы өөрчүп, тамырга, сабакка, жалбыракка мүчөлөнгөн. Спорофитте споралар калыптанып, андан гаметофит (жыныстуу муун) өсүп чыгат.

Гаметофитте вегетация органдары өөрчүбөгөн, анда жыныс органдары — антеридий жана архегоний га­на жаралат. Архегонийдеги энелик клетка уруктангандан кийин зиготадан жыныссыз муун спорофит кайра өсөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.