Парасель аралдары

Википедия дан
Парасель аралдары.

Парасель аралдарыТүштүк Кытай денизиндеги шуру аралдар тобу. Кытайлар Сиша, вьетнамдыктар Xоангша деп аташат. Архипелаг 15 аралдан (ушунча сандагы рифтер суунун үстүнө убактылуу чыгат) туруп, аянты 3 км2ди (баардыгы 10 км2) түзөт.

Аралдар жөнүндө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жээк сызыгынын узундугу 518 км (акваториясында 15 миң км). Архипелагдын узундугу батыштан чыгышка 180 кмдей, түндүктөн түштүккө 170 клгдей, Хайнань аралына (Кытай) чейин 290 км, Дананг портуна (Вьетнам) чейин 320 км. Арал экиге бөлүнөт: Амфитрит 1698-ж. француздук кеменин атынан аталган; архипелагдын эң ири аралы – Линкольн (аянты 2 км2), Буазе (Вуди-Айленд, 1,85; бир нече майда арал карайт) жана Круассан (вьетнамча Анвинь жана Лыойльем). Линкольн аралынын чыгыш жээгинен Тынч океанды Инди океаны менен туташтыруучу негизги кеме жолу өтөт. Парасель аралдары стратегиялык мааниге ээ деңиз жолдорун көзөмөлдөө үчүн Кытай, Тайвань жана Вьетнамдын ортосунда талаш болуп келүүдө. Арал кылымдар бою ээн. Франция 19-кылымдан эле доо коюп, 1932-ж. аралды аннекциялап, француздук Индикытайга кошкон. Арал 1946-ж. Кытайдын Гоминьдан бийлигине өткөн. 1950-ж. Кытайдын элдик бошотуу-армиясы бийликти кулаткан. КЭР алгач расмий түрдө 1951-ж. 15-августта Түштүк Кытай денизиндеги аралдардын көз каранды эместигин жарыялаган. 1954-ж. аралдын батыш бөлүгүн Түштүк Вьетнамдын аскерлери ээлеген. Парижде 1973-ж. 27-январда Вьетнам боюнча тынчтык келишимине кол коюлгандан, 1974-жылдын 19-январынан Кытайдын ички аскер күчтөрү архипелагдын батыш аралдарын көзөмөлгө алышкан. Учурда аралда жүздөгөн адамдар жашайт. Алар балык кармап, белендешет. Кытайдын ири аскер-аба базасын тейлейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]