Париж тынчтык келишимдери

Википедия дан

Париж тынчтык келишимдери (1763, 1814, 1815). 1763-жылдагы келишим бир жактан Улуу Британия менен Португалия, экинчи жактан Франция менен Испаниянын ортосунда түзүлүп, Жети жылдык согуштун жыйынтыгын чыгарган. Ал боюнча мурда Францияга таандык Канада, Чыгыш Луизиана, испаниялык Менорка аралы жана Вест-Индиядагы бир топ арал Англияга өткөн, Испания Улуу Британияга Флориданы берип, ал үчүн Франциядан Батыш Луизиананы алган. Бул келишим Англиянын колониялык жана дениздеги күчкубатын чындаган. 1814-жылдагы келишим Францияга каршы 6-коалициянын катышуучулары (Орусия, Улуу Британия, Австрия, Пруссия) менен Франциянын ортосунда түзүлүп, ага Швеция, Испания, Португалия кошулган. Ал Голландия, Швейцария, немис княздыктары жана италиялык мамлекеттеринин көз карандысыздыгын калыбына келтирип, наполеон согуштарынын убагында ажыраган колониялык жерлеринин көп бөлүгү Францияга кайтарылган. 1815-жылдагы келишим Францияга каршы 7-коалициянын катышуучулары (Россия, Улуу Британия, Австрия, Пруссия) менен Франция ортосунда түзүлгөн. Ал мурдагы келишимден айырмаланып, Франциянын 1790-жылдагы чек арасын сактоону белгилеп, Францияны 700 млн франк контрибуция төлөөгө милдеттендирген. Мында Франция аймагын шериктештердин 150 миң кишиден турган армиясы 3–5 жыл оккупациялоого тийиш болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]