Патет Лао
Патет Лао, Лаос мекенчилдик фронту (ЛМФ) (лаос. ປະເທດລາວ), которулганда "Лаос Мамлекети" ― 1950-1970 жылдардагы Лаостогу согуш-саясий ишмерчилердин жалпы аталышы Жана Лао Хаксат жаштар союзу, Лаос аялдарынын ассоциациясы, мекенчил профсоюздардын федерациясы, Лаос студенттеринин ассоциациясы сыяктуу прогрессчил жанa демократчыл топторду бириктирген массалык саясий уюм.
| Патет Лао Лаос Эл Боштондук Армиясы | |
| | |
| Негизделген датасы |
1950 — 1975 |
|---|---|
| Башкы кеңсеси | |
| Идеологиясы |
|
| Pathet Lao | |
ЛМФ Лаостун бирдиктүү улут фронтунун базасында түзүлгөн. 1-съезди (1956) программасын кабыл алып, анда «Эркин, тынч, бейтарап, демократиялуу, бирдиктүү жана гүлдөгөн Лаосту түзүүнү» белгилеген. Дүйнөнүн прогрессчил күчтөрүнүн колдоосу м-н Лаостун саясий абалы жөнгө салынган (1962—63).
ЛМФтин 2-съездинде (1964) империализмге карты күрөшүү, 3-съездинде (1968) лаос элинин бириккен фронтун ар тараптан чыңдоо, тынчтыкчыл, көз карандысыз, бейтарап Лаосту түзүү милдети коюлган.
ЛМФтин жетекчи күчү — Лаос элдик-революциячыл партиясы (ЛЭРП). ЛЭРПтин саясий багытын колдоп, ЛПФ элдик-демокр. революцияны жүзөгө ийгиликтүү ашыруу үчүн эл массасын мобилизациялоодо маанилүү роль ойноду. Мунун натыйжасында Лаос Элдик Демократия Республикасы түзүлдү (1975, дек.). ЛМФ эл аралык жанa улуттук, коомдук-саясий кеп уюмдар менен байланышта.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.