Пауза

Википедия дан

Пауза (гр.— токтоо, тыным) — сүйлөмдүн же сөздөрдүн маанисине же ырлардын ритмине карай сүйлөм арасындагы жасалган тынымдар. Пауза речтин эксперссивдүүлүгүн жана эмоционалдуулугун арттырат. Мисалы: «Мырзагүл эми кубанып көчөгө чыгып тоспойт, Султанмуратты көрүп, сыймыктанып турбайт... Үмүт — кыялдын баары талкаланды... Ошол үчүн ыйлап баратты... (Ч. Айтматов «Эрте келген турналар»). Поэзиялык чыгармаларда паузалар көп колдонулат, мында акындын сезиминдеги ар түрдүү пафостор эркин берилет. Паузаны ыктуу колдонуу акын же жазуучунун чеберчилигин талап кылат. Ж. Турусбеков, Ж. Бөкөнбаев, С. Эралиев, Ж.Мамытов, Н. Жаркынбаевдин ырларында паузанын орундуу колдонулганын өзгөчө белгилөөгө болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]