Пача-Ата көмүр кени

Википедия дан

Пача-Ата көмүр кениЖалал-Абад облусунун Аксы районунда, Чаткал кырка тоосунун түштүк тарабында, Пача-Ата жана Итагар сууларынын аралыгында. Кен 1932-жылдан белгилүү. 1952-53-ж. геологиялык съёмка жана чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Көмүр юра катмарынын төмөнкү жана жогорку көмүрлүү свиталары менен байланышкан. Төмөнкү көмүрлүү свитасында 17 кабат жана кабатчалар бар. Алардын ичинен 8 кабаттын калыңдыгы 0,67-4,39 м. Жогорку көмүрлүү свитасында 5 кабатча бөлүнгөн, алардын калыңдыгы 0,05-0,20 м. Көмүрдүн күлдүүлүгү 9,43%тен 16,41% кечейин, күйүү жылуулугу 24,34- 29,30 МДж/кг (5815-7000 ккал/кг). Болжол ресурсу 600 м тереңдикке чейин 182 млн т.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]