Пектусан
Jump to navigation
Jump to search
Пектусан (корейче), Байтоушань (кытайча) – Корей Элдик Демократиялык (КЭДР) менен Кытайдын чегиндеги жанар тоо. Бийиктиги 2750 м; Манчьжур-Корей тоолорунун жана Корей жарым аралынын эң бийик жери. Конусу трахиттик жана андезиттик лавадан турат. Кальдерасын Чхонжи кратер көлү ээлейт. Айланасындагы платолор кара жана ачык түстөгү күл менен капталган. Ворбордук бөлүгүндөгү магманын көтөрүлүшүнөн жылына 3 ммге өсөт. Акыркы жолу 1898-ж. атылган. Пектусан ири үч дарыянын (Сунгари, Тумыньцзян, Ялуцзян) суу бөлгүчү. Анын аймагында 1979-ж. эл аралык биосфералык корук уюштурулган. Пектусан корейлер менен кытайлардын ыйык тоосу болуп саналат.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117-9
![]() |
Бул вулканология бүтүрүлбөгөн, Макаланын даярдамы макала. Сиз, муну оңдоп жана толуктап Уикипедияга долбоорго жардам бере аласыз. |
![]() |
Бул география бүтүрүлбөгөн, Макаланын даярдамы макала. Сиз, муну оңдоп жана толуктап Уикипедияга долбоорго жардам бере аласыз. |