Пеллио Поль

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Пеллио Поль (Пелльо, французча - Paul Pelliot), француз чыгыштаануучусу, Кытайдын тарыхы боюнча ири адис, Кытайдагы даоцизмдин, буддизмдин тарыхын изилдеген, монголдорун тилин жана тарыхын иликтеген, Борбордук Азиянын башка элдеринин тарыхын, тилдерин кунт коюп үйрөнгөн. Коллеж де Франстын профессору, өлүк тилдерди кошкондо 14 тилди билген полиглот жана окумуштуу болгон. Синологиялык журналдын башкы редактору, Азия коомунун Президенти, СССР ИАсынын чет элдик мүчөсү болгон. Ал кытай, монгол, түрк, санскрит, тибетче, араб, перс, согду жана куча тилдерин үйрөнгөн. Поль Пеллио 1878-ж. Парижде (Франция) жарык дүйнөгө келген. Поль Пеллио оболу, дипломатия тармагын тандап алып, кытай тилин (École des Langues Orientales Vivantes) үйрөнө баштайт. Ал аталган мекемде иштеген Э.Шаванн жана С.Левилер менен таанышканда чыгыштаануучулар болчок окумуштууга кеңештерин беришет. Ошентип Поль Пеллио изилдөөчүлүк жолду тандар алган эле. 1900-ж. Ханойго (ошол учурда Франциянын колониясы) келип, Франциянын Ыраакы Чыгыштагы мектебине (École française d’Extrême-Orient) кызматкер катары орношот да, китеп сатып алуу үчүн максат менен Пекинге келет. Пекиндеги толкундоолорго күбө болгон Пеллио кайрадан Ханойго келип, китеп сатып алуу үчүн Кытайга барып турган.Ушул эле жылы университеттин китепканасына жаңы китептерди алуу үчүн Пекинге барган. Кытайга барганда ал жерде боксерлор көтөрүлүшү чыгып,жашоосу коркунучка кабылган. Бирок, өзүнө жүктөлгөн милдеттенмени ийгиликтүү аткарып, 1901-жылы Ханойго кайтканда Légion d'honneur медалы менен сыйланган. Ошол эле убакта Еcoleде кытай тили профессору болду (22 жашта эле). Алгачкы илимий эмгегин да ушул жерде,1902-жылы бастырып чыгарткан. 1904-жылы Францияга кайтып, 1905-жылы Алжирде болуп өткөн 14. Улуттар аралык чыгыш таануучулардын конгрессинде Écoleнин атынан доклад окуган. Францияда 1906-ж. Чыгыш Түркстанды изилдөө үчүн илимий экспедицияны жетектөө, аймакты археологиялык, тарыхый жана лингвистикалык жактан изилдөө милдетин алган. 1906-ж. июнь айында эки кишиден турган топ Парижден жолго чыккан. Темир жол аркылуу алгач Москвага келип, ал жерден Ташкентке, август айында Кашкардагы орус элчилигине барган. Кашкардан Тумшукку аттанып чыгып, андан ары Кучага келген. Ал жерден байыркы куча тилинде жазылган документтерди табат. Кучадан ары Үрүмчүгө, ал жерден Дунхуаньга (Dūnhuáng ,Tun-huang 敦煌 ) барган. Ал жерде үч жума болуп, 1907-ж. Сэр Аурель Стейн тарабынан табылган, “Миң Будда үңкүрүндөгү” үч үңкүрдөн жана Тегурменден (Тегирмен) 10 миңдеген кол жазмаларды окууга аракет кылган (айрым учурда күнүнө миңден ашуун документтерди окуучу). Изилдөөсүнүн аягында бул үңкүрдүн көзөмөлдөөчүсү Ван Юаньлудан (Wáng Yuánlùнан (Wang Yüan-lu) 王圓籙) кол жазмаларды арзыбаган акчага сатып алат (документтердин бир бөлүгү мурдараак венгр, Англия тыңчысы Сэр Аурель Стейн тарабынан сатылып алынган). Поль Пеллио тарабынан сатылып алынган кол жазмалар учурда Париждеги Улуттук китепканада сакталып турат. Андан соң, Поль Пеллионун согду документтерин окуусу менен илимде согду тилин изилдөө багыты башталган. Чыгыш Түркстандагы саякаты аягына чыккандан кийин Поль Пельо жана анын экспедиция мүчөлөрү 1909-ж. 24-октябрында Парижге кайтып келишкен. Бирок, келгенден кийин Поль Пеллиону Эдуард Шаванн жана Écoleдогу окутуучулар тарабынан бул экспедиция акчасын бошко короткон жана илимге тиешеси жок документтерди алып келишти деген жалаа жабышкан. Поль Пеллионун алып келген кол жазмалары так жана илим үчүн баалуу экендигин 1912-ж. сэр Аурель Стейн чыгарган китепте айтылгандан кийин гана токтотулган. Бул учурда Поль Пеллио (1911-ж.) “Collège de Franceда” (Франция Колледжи) окутуучулукка дайындалган жана Орто Азия тилдери кафедрасында дарс окуйт. Бул кафедрадан Лайош Лигети (Lajos Ligeti), Франсис Вудман Клеви (Francis Woodman Cleaves), Луи Амбис (Louis Hambis), Рольф Стейн (Rolf Stein), Луи Базен (Louis Bazin) жана Денис Синор (Denis Sinor) сыяктуу дүйнөгө атагы чыккан илимпоздорд даярдалып чыгарылган. Биринчи дүйнөлүк согуш башталганда Пеллио Кытайга аскерий-атташе болуп дайындалып, Сибирге карата уюштурулган француз экспедициясына катышкан. Согуштан кийинки мезгилде “Société Asiatique'де” деп аталган илимий журналда иштейт. 1920-ж. белгилүү француз тил билим журналы “T'oung Paoго”, Э.Шаванндын ордуна Генри Кордьер (Henri Cordier) экөө редактор болуп шайланышкан эле. 1924-ж. Г.Кордьер көз жумгандан кийин, 1932-ж. чейин бул журналды өзү жетектеген. 1932-ж. Л. Дуйвендак (L. Duyvendak) келгенден кийин “T'oung Pao'ну” кайрадан экөөлөп жетектеп калышкан болучу. 1920-ж. кийин “T'oung Pao” менен “Journal Asiatique” сыяктуу француз илимий журналдарында көп макалалар жарыяланып, анын ичинде бүгүнкү Түркия түрктөрүнүн тили, Орто Азиянын түрк тилдерине байланыштуу изилдөөлөр жүргүзгөн. 1940-жылы фашисттик Германиянын Парижге кирүүсү жана Францияны басып алышы менен “T'oung Pao” журналы 1942-ж. жабылып, 1947-ж. чейин басылган эмес. 1945-ж. Париж бошотулгандан кийин Поль Пеллио АКШга кыска убакытка саякатка барган. Парижге кайтып келгенден кийин көп узабай 1945-ж. 26-октябрда рак оорусунан көз жумган.

Эмгектери[оңдоо | булагын оңдоо]

  1. Pelliot (Э.Шаванн менен биргеликте), "Un traite manichéen retrouvé en Chine" (Кытайда табылган бир манихей жазуусу), JA 1911, 499-617-бет; 1913, 99-199-беттер, 261-392-беттер.
  2. "Les influences iraniennes en Asie Centrale et en Extrême-Orient" (Ирандыктардын Орто Азияга жана Ыраакы Чыгышка тийгизген таасири), Revue d'Histoire et de Littérature Religieuses, N.S.3, 1912, 97-119-беттер.
  3. "Mo-ni et manichéens" (Мани жана манихеисттер), JA 1914, 461-70-беттер.
  4. "Le 'Cha-tcheou-tou-fou-t'ou-king' et la colonie sogdienne de la region du Lob Nor", ('Cha-tcheou-tou-fou-t'ou-king' жана Лоб-Нор аймагында Согду колониясы), JA 1916, 111-23-беттер.
  5. "Le sûtra des causes et des effets du bien et du mal" (Жамандык менен жакшылыктын себептери жана таасири жөнүндө шутра). Согду тилинен, кытайчадан жана тибетчеден Robert Gauthiot менен чогуу которгон,2 том, (E. Benveniste редакциясы астында), Paris, 1920.
  6. "Les Mongols et la Papauté. Documents nouveaux édités, traduits et commentés par M. Paul Pelliot" (Монголдор жана Рим папалыгы. П.Пельо тарабынан которулуп жана комментарийленген жаңы документтер) MM. Borghezio, Masse‚ жана Tisserantтын редакциясы астында, Revue de l'Orient chrétien, 3e sér. 3 (23), 1922/23, 3-30-беттер; 4(24), 1924, 225-335-беттер; 8(28),1931, 3-84-беттер.
  7. "Les traditions manichéennes au Foukien" (Foukien манихейлеринин каада-салттары), T'oung Pao, 22, 1923, 193-208-беттер.
  8. "Neuf notes sur des questions d'Asie Centrale" (Орто Азия жөнүндө тогуз заметка), T'oung Pao, 24, 1929, 201-265-беттер.
  9. "Notes sur Marco Polo" (Марко Поло жөнүндө маалыматтар),редакциялаган: L. Hambis, 3 томдук, Paris, 1959-63.
  10. "Notes on Marco Polo" (Марко Поло жөнүндө маалыматтар. Англис тилинде), Imprimerie nationale, librairie Adrien-Maisonneuve, Paris, 1959-63.
  11. "Recherches sur les chrétiens d'Asie centrale et d'Extrême-Orient I" (Орто Азия жана Ыраакы Чыгыштагы христиандар жөнүндө изилдөөлөр), Paris, 1973.
  12. "L'inscription nestorienne de Si-ngan-fou" (Si-ngan-fou' Несториандык жазуусу), Antonino Forteнин редакциясы астында, Kyoto ve Paris, 1996.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • О. Каратаев​ Орто Азия чөлкөмүн жана түрк дүйнөсүн изилдеген окумуштуулар. –Бишкек, 2015