Мазмунга өтүү

Перс живописи

Википедия дан

Перс живописи

Арабдардын VII-VIII-кылымдарда персияны басып алууга чейин, перс империясынын тарыхы миңдеген жылдарды башынан өткөзгөн. Кылымдар бою Ахамениддер, парфяндар жана сасаниддер тарабынан чогулган эбегейсиз маданий жүктү, арабдар басып исламдаштырып өзүнүн баалуулуктарын жана ар түрлдүүлүгүн кошкон. Бул тууралуу кээ бир перс өнөрүнүн изилдөөчүлөрү ислам персияны эмес, персия исламды басып алды деп айтып келишет. Арабдардын басып алуусуна чейин Иранда нукура архитектура, скульптура, ээритип куюу, метал иштери жана албетте живопись чеберчиликтин туу чокусуна жеткен.

Остромирова евангелия (1057)

Перс живописи өзүнүн бир канча кылымдуу салттык көркөм өнөрүн турукташтырып, өзүнүн жол жобоолорун жана живопись усулдарын түзгөн. Көптөгөн окумуштуулардын айтуусунда, перс сүрөтчүлөрүнүн дүйнөлүк көркөм өнөрүнө кошкон негизги салымы, бул персияда XIII-XIX- кылымдарда өкүм сүргөн миниатюра живописи. Перс китеп миниатюрасынын пайда болуш себеби, китеп окууда таасирин тереңдетчү текстке визуалдык аналог жаратуу муктаждыгынан пайда болгон (божомолдоолор менен сасаниддердин Пенжикенттеги дубал сүрөттөрү эпостун иллюстрациясы болгон). Бирок убакыттын өтүшү менен китеп иллюстрациясы тексттин түзмө түз аналогу болбой калган, ал өзгөчөлүгүн табып, сүрөтчүлөр миниатюрага текстте кошулбай калган бөлүктөрүн кошо баштаган. Акырындык менен перс сүрөтчүлөрү тарабынан өзгөчө перс живопись системасы пайда болгон, анда көбүн эсе декоративдик сезим каптап, ал эми чыгармалар жазы баракта түс жана форманын кошулушун, бирдиктүү ритмикалык толуктукту түзүү үлгүсү катары алынган. Перс миниатюрасы китептерге илюстрация катары каралып, бул түспөлүндө орто кылымдагы европа живописинен эч кандай айырмачылыгы болгон эмес, европа живописи, бир канча нерсени эске албаганда XV-кылымдын соңуна чейин жалгыз бир Библия китебине ар түрдүү форматтагы илюстрациялардын жыйнагын түзгөн. XIII-XV- кылымдагы перс живописи менен европа живописинин айырмасы, бул өнөрдө перс сүрөтчүлөрү европалык диний өнөргө караганда диний догматизмден сыртка чыгып бир канча алдыга озунган жана алардын өнөрү жаңы чагылышытарды да өзүнө камтыган.

Перс миниатюрасы каармандардын идеалдуу жашоосун чагылдырган. XVII-кылымдагы Европалык таасирге карабай, перс сүрөтчү миниатюра чеберлери, эки өлчөмдүү жазыны үч өлчөмдүү иллюзияга өзгөртүү ыкмаларын колдонууну зарыл деп эсептешкен эмес. Божомолдуу мындай визуалдык ыкма башынан туура эмес көрүнгөндүр. Перс миниатюрасы, көрүүчүнүн ички дүйнөсүнө кол салбаган кооз, ажайып жана абдан ыңгайлуу өнөр. XIX-кылымга дейре перс миниатюрасынын каармандары адамга карай тике чагылдырылган эмес. Чоң ишеним менен перс маданиятынын баардык байлыгы, алгачкы учурда живописте чагылдырылганына тыянак чыгарсак болот. Живопись өнөрүн өндүрүү борборлору катары падышалык китепканаларды атасак болот, китепканаларда бир гана китептер эмес, көптөгөн адистердин эмгектери, ар кайсы устаканалардан даярдалган манускриптер сакталган. XVII-кылымга чейин перс сүрөтчүлөрү бир гана суу боектору менен жазышкан. Европа маданиятынын Иранга сиңиши менен европалык живопись жанрлары менен бирге холст жана май боектор кирген.

  • Кагаз өндүрүү үчүн жаймалар

Тарыхка таянсак кагаз биздин доордун 105-жылы Китайда ойлоп табылган. Тыт дарагынын жипчелеринен, бамбуктун жаш бутактарынан жана кездемелерден өндүрүлгөн кытай кагазы батыш тарапка Туркестанга чейин экспорттолгон. Бирок 751-жылы Кангли согушуна чейин арабдар да перстер да ал тууралуу кабары жок болгон (Ташкент жана Самарканддын ортосу). Канглиден кытай өндүрүүчүсүнөн кагаз жасоонун технологиялык сырларын алган соң, ислам дүйнөсүндөгү алгачкы кагаз өндүрүү Самаркандда ачылган, андан соң экинчиси 794-жылы Багдадда. Кагазды колдоонунун артыкчылыгы Аббасид халифи Гарун аль Рашид (786-809-жылдары башкарган) жана вазирлери тарабынан жогорку деңгээлде баркталган. Ага чейин арабдар папирусту колдонуп келген, ал жалгыз Египетте өндүрүлчү, китептерге жана документтерге пергамент колдонулган. 1000-жылга чейин кагаз өндүрүү өнөр жайы баардык ислам борборлорунда Самарканддан баштап Валенсияга чейин таркалган, бирок Самарканд көп убакыттар бою кагаз өндүрүүдө алдынкы орунда турган. Перс кагазы зыгыр булаларынан, айрым учурда кара куурай булаларын аралаштыруу менен жасалган. Буумду сорттогондон жана чырмалышын чечкен соң, зыгырды тырмашкан, андан соң акиташ суусуна чылашып, кылдаттык менен аралаштырышкан, андан соң алып чыгып күнгө жайып кургатышкан. Мындай процессти бир канча ирет аткаргандан кийин, зыгыр массасын таза сууга жууп, боткого айланмайынча сокуга жанчып же жаргылчактан өрткөзүшкөн. Бул массага барак формасын бериш үчүн, адис идиштерге жыгач жайылмасы менен бирге сетка сымал кургатылган тростник же ат чачынан өрүлгөн нерсенин түбүнө түшүргөн жана пульпаны чаптан жайылтманы алып чыккан. Андан соң жеңил массаны түздөп койгондон соң суусу агып, пульпа кургап катуу фетрге айланат. Кагазды кургаткан соң жумуртка белогуна же крахмал аралашмасына үстүн түздөш үчүн малышкан. Андан соң кагаз жасоочу же каллиграф таш же айнек менен үстүндөгү дүбүрчөлөр толук жоголушу үчүн жылмалаган.

Миниатюраны көчүрүү үчүн траферат. Перс сүрөтчүлөрү минералдык, табигый (жасалма) жана табигый боектор менен колдонгон. Минералдык боекторго алтын, күмүш жана лазурит кирет жана көк ультрамариндин бөлүктөрүн чачып, андан соң сууга жуугандагы негиз колдонот. Мындай жол менен табыгый киновариден ачык вермильон алышкан, сары өңдү күкүрттөн, ал эми жашылды малахиттен алышкан. Же бир башка өзгөчө түстү тандоо анын баасына ылайык болгон. Айрым учурда өң-түстөр башкаларга алмашылган. Мисал катары лазуриттин ордуна индиго, өсүмдүктүн боегунан кочкул көк боек жасалган, азуриттен жез карбонаты, кагазды бузуучу заттан боз көк түс алынган. Көп учурларда малахиттен жашыл боек алынган, жез пластиналарын уксусга малып андан соң аны бир айга жерге көмүп салышкан. Андан башка альтернативдүү жол менен алынган киноваралар болгон. Отко кайнатылган күкүрт жана сымап вермильонго айланган, перс миниатюраларында колдонгон саргыч кызыл өң кызыл коргошундан алынган. Коргошунга уулануунун коркунучуна карабай, уксузга малынып алынган кызыл коргошун жана ак коргошун 17-кылымдын акыр ченине чейин колдонулуп келген. Башка кызыл түстөрдүн ичинде кызыл күрөң кычкылдыгы, керместен алынган кармин жана бир канча өсүмдүк пигменттери колдонулуп келинген. Кара өңдүн универсалдуу булагы көмүр сыясы, жаңгак багы менен аралаштырып кайнатып алуу колдонулган. Айрым бир каустикалык боектор акырындык менен кагазды бузушкан, ошондуктан жакшы шартта сакталган миниатюралар да бузулуп кеткен.

  • “Иран бодхисаттва” VII-кылым. Дарака живописи. Лондон. Англия музейи.
  • Афрасиабда дубалга түшүрүлгөн сүрөттүн бир фрагменти. VII-VIII-кылым.

Салык Бек XVI-кылымда жазылган “Сүрөттөрдүн канону” трактатында сүрөт тартууга эң жакшы калем деп тыйын чычкандын куйругун айткан. Перс мышыктарынын узун жүнү дагы перс сүрөтчүлөрү колдонгон калемддердин мыктысларынын бири болгон. Сүрөтчү жүндөрдү узундугуна карап тандаган соң, узундуктары бирдей жүндөрдү өзүнчө чогулткан, аларды жип менен байлап, чымчык канатынын ортосунан өткөзгөн. Калемдердин калыңдан баштап ичкесине чейин ар кандай түрлөрү болгон.

Топкапы сарайы, Турция.

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Перс живописи салтту мүнөздү өзү менен кошо жандай жүргөндүктөн трафераттар көп колдонулган. Ал үчүн атактуу бир миниатюранын үлгүсү алынган, андан траферат жасалган: сүрөттүн чектери ийне менен тешилип чыгып, таза барака түшүрүлгөн, сүрөтчү кичи капка майдаланган көмүрдү алып трафераттын үстүнө себүү жолу менен чекиттер таза барака көчүрүлгөн. Андан соң сүрөтчү калем менен бош оюууларды бойоп чыкчу. Бойоонун алдында чектер көрүнүү үчүн алдына бир нерсе төшөгөн. Чоң китепканаларда (шах деңгээлиндеги) сүрөтчүлөрдүн жана каллиграфтардан башка көптөгөн адистер иштеген жана кайсыл көркөм өнөрдүн эпизоддорун иллюстрация кылышты долбоордун башчысы чечкен. Эгер баракчанын тегереги декоративдүү алтын менен каптала турган болсо, атайын адис, ал кагаз суу кезинде кургатпай тутуп жасаган. Каллиграф иллюстрацияга орун калтырып текстти жазган. Сүрөтчүлөр өзүлөрүнүн жумушуна алтын жалатуучулар жана иллюминаторлордон соң киришкен. Китеп даяр болгон соң аны тигишкен. Китептин алгачкы бетин тээриден, оюулар менен жасаган, XV-XVI-кылымдарда оюуу түшүрүү жолу менен да жасашкан. Бирок боолжол менен ошол эле маалда лакталган китеп сырттары модага кире баштаган жана перс манускриптери аябай кымбат жана көп нускада жасалган кол өнөрчүлүк болуп саналган. Живопистин тематикасы кайсы бир деңгээлде мурдагы кылымдардан алынып колдонулуп келген. Мисал катары Иранда абдан көп колдонулган жана Ахамениддер доорунан бери өкүм сүрүп келген мергенчилик абдан көп чагылдырылган. Бүгүнкү күндө Ислам дооруна чейинки сакталып калган иран живописинин үлгүлөрү өтө сейрек кездешет. Мындайлар негизинен перс дүйнөсүнүн чыгыш тарабында сейрек кездешчү дарак живописи жана Пенжикенттеги дубал сүрөттөрү болуп саналат. Эң алгачкы перс иллюстрация китеби Абд ар Рахман ас Суфинин астрономиялык трактаты болуп эсептелет. Ал 1009-1010-жылы (Бодлеян библиотекасы, Оксфорд) кайра жазылып чыккан, бирок андагы иллюстрациялар, миниатюрага караганда көбүнесе жылдыздардын сүрөттөрүн түшүндүрүү маанисин камтыган сүрөткө окшош. Монгол басып алуусуна чейинки тартылган жападан жалгыз толук түрдө иллюстрацияланган перс манускриптисинин миниатюрасы болуп XIII-кылымга таандык “Варка жан Гүлшах” эсептелет. Бул Айюки (11-кылым) тарабынан жазылган сүйүү романынын сүрөттөрү, жетимиш бир миниатюра түшүрүлгөн китеп Стамбулда Топкапы музейинде сакталып турат. Бул манускрипт перс көркөм өнөр салтынын жалгыз үлгүсү, монголдордун басып киргенинде күчтүү кытай таасиринде да сакталып калган. XII-кылымдан тарта көркөм өнөр ыкмаларынын жана негиздеринин үзгүлтүксүздүгү катары эсептөө мүмкүн, перс живописи көп кылымдуу бекем феномен катары бир канча азия өлкөлөрүнө тамырын жайган. Перс салттык живописи баардык ислам өнөрлөрү катары доорлорго, тигил же бул династиянын башкаруу мезгилдерине бөлүнөт.

XIV-кылым, Илхандар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

XIII-кылым Монголдордун басып алуусу Ирандын тарыхын түп орду менен өзгөрттү. Ал эки этап менен өткөн. 1220-жылы Чынгыз хандын армиясы толук бойдон түндүк чыгыш Ирандын жашоосун жана тынчтыгын бузган. 1250-жылы Хулагу баштаган армия Хорезмшах аймагын басып алууну соңуна чыгарган жана 1260-жылы Айн Жалут согушунан кийин Палестина аймагына барып токтогон. Багдадды басып алып Багдаддын акыркы халифин (1258) өлтүргөн соң, Хулагу бийликти өзүнүн колунда Ирактын, тарыхый Ирандын жана Анатолиянын көп бөлүгүнө борбордоштурган. Өзүнүн борбору катары Ирандын түндүк батыш тарабындагы Малагу шаарын (андан соң борбор шаар Тебризге которулган) атап, Илхандар (кичи хандар) династиясын түзгөн, номиналдуу түрдө Хубилай ханга Кытай жана Монголиянын башчысына баш ийген.

Монголдордун алгачкы он жылы жапайылык жана тоноочулук менен айырмаланып турган, элге аябай чоң өлчөмдөгү салык салынып турган. 1295-жылы Иранда бийлике Газан хан келгенде иран экономикасында нгу бакалган эмес. Тактыга отурганга чейин ислам динин кабыл алып, Газан хан өкмөттүк реформаларды жасаган жана мамлекеттин кайра жаралышына аракет кылган. Салык салуу көзөмөлдөнгөн, кат ташуу системасы жакшыртылган, мамлекеттик тыйын жасоо орнотулган, салмак жана өлчөө системасы стандартташтырылган жана жолдордо коопсуздук жөнгө салынган. 1304-жыл дүйнөдөн кайтканга чейин мамлекетти дээрлик өнүктүргөн. Анын таланттуу вазири Рашид ад Дин жогорку реформалардын демигечиси болгон жана хан өлгөндөн кийин да бийликте калган. Ал министр илимдин жана өнөрдүн пири болгон, чоң китепкана жана манускриптерди жасоо өнөчүлүгүн негиздеген. Газан хандын ордуна Олжейту келген (1304-1316). Ал колунан келишинче өнөрчүлүктү колдогон бирок мамлекеттик системаны катуу чыңдай алган эмес. Анын өлүмүнөн кийин бийлике келген Абу Саид өзүнүн жаштыгы менен кол алдындагылардын бийлик талашуусун токтото алган эмес. Мындай башаламандыктардын аркасынан Рашид ад Дин өлтүрүлгөн, ал эми китепкана тоноого алынган. 1327-жылга чейин Абу Саид бийликти толук колуна алганга чейин Иранда гегемонияга болгон күрөштү монгол улууларынын эки тукуму Чобаниддер жана Жалаириддер улантып келген. Абу Саиддин акыркы сегиз жыл бийлигинде туруктуу жана акылдуу башкаруу менен Гийас ад Дин, Рашид ад Диндин уулдарынын бири өзгөчөлөнгөн. Бирок хан өлгөндөн соң борбордошулган бийлик толук алсызданып, ич ара чыр чатак күч алган. Натыйжада Жалаириддер, Инжуиддер, андан соң Музаффариддер Ирандын батышында жана түштүгүндө бийлик жүргүзгөн, а бирок Сарбадар жана Курттар ирандын түндүк жана чыгышын (Хорасан) басып алган. Бул 1330-жылга чейин, XIV-кылымда Тимурдун Иранга кол салганга чейин уланган.

Божомолдоолор менен монголдор өзүлөрү менен бирге иранга кытай сүрөтчүлөрүн алып келишкен, анткени ушул доордо перс живописине кытайдын таасири зор болгон, өзгөчө бетинин түзүлүшү, кийими, ошондой эле мейкиндикке болгон кызыкчылыгын “Варка жана Гүлшах” манускриптинин миниатюраларынын декоративдүү концепциясы айкындап турат. Кытай живописи XIII-кылымда миңдеген жылдарды башынан өткөзгөн жана көптөгөн ыкмаларды өркүндөтүп тастыктаган. Илхан миниатюраларынын алгачкы эмгектери эклектикалуу, аларда кытай жана араб живописинен таасир алынгандыгы байкалып турат. Эң алгачкы илхан манускрипти катары “Манафи аль Хайаван” (Бестиарий) Ибн Бахтишу 1297 же 1299-жыл Марага шаары, турат. Бул трактаттын Газан хандын буйругу менен араб тилинен перс тилине которулган. Андагы 94 иллюстрация XIII-кылымдагы араб китеп миниатюрасы, перс керамикасынын далилдери жана кытай живописинин жаңы таасири аралашылган. Мисал катары, дарак түштүк сун методуна таандык. Хан китепканасынан башка XIX-кылымда Иранда жогрку талаптуу публика үчүн манускрипт жасаган устаканалар болгон. Мындай устаканалар Илханаттын баардык чоң шаарларында болгон. Азыркы учурда жок эле дегенде «Шахнаменин» үч топтому бар, аларды Шираз устаканасына жана Тебриз устаканасына байланышы бар жана 1300-1340-жылдарга таандык. Алар чоң көлөмдөгү формат эмес, алтын жалатуулар колдонулган эмес, живопись стилин орой деп эсептеген. Бирок сүрөтчүлөр иллюстрацияны барака түшүрүүдө жетиштүү түрдө эркин болушкан. Илхан сүрөтчүлөрүнүн чоң эмгектери болуп эки манускрипт “Жами ат Таварих” жана “Шахнаме” Демотта болуп саналат. “Жами ат Таварих” Газан хандын буйругу менен окумуштуу Рашид ад Дин жана анын визири аркылуу жазылган. Бул китеп дүйнөлүк тарыхты өзүнө камтыган, өтө чеберчилик менен кооздолгон, эки тилде (перс жана араб тилдери) басып чыгары менен баардык Илханатка бирдиктүү идеологияны жаратуу үчүн таратуусун божомолдонгон. Рашид ад Диндин Табриз аймагында “Рашидия” атту толук кичи шаарчасы болгон ал жер китепканаларга толо жана болжолдуу эки жүзгө жакын окумуштуу, каллиграф, сүрөтчүлөр эмгектенген. Рашид ад Диндин өмүр таржымалында жыйырмадан ашуун көчүрмөлөр жасалган, бирок биздин заманга дейре анын эки гана фрагменти жеткен, алардын биринчиси Эдинбург университетинин китепканасында, ал эми экинчиси Нассер Д. Халилинин жыйнагында Лондондо сакталып турат. Бул манускриптеги миниатюралар монгол стилинин живописи катарында, ошол доорду чагылдырган, горизонталдуу форматтагы миниатюралар кытай живописине таандык. Алардын тематикасы ар кыл түрдүү болуп Будданын сүрөтү жана кытай императорлорунан баштап арабдардын басып алуу жүрүштөрүнө чейин байкалат.

“Шахнаме” Фирдоусинин эң мыкты иллюстрацияланган чыгармасы, азыркыга чейин өзүнүн тарыхы боюнча окумуштуулар арасында чыр жаратып келет. Көбүнчөсүнүн оюу боюнча манускрипт Абу Саиддин башкаруусунун акыр ченинде 1330-жылдары жаралган, миниатюралар эклектика мүнөздүү, бирок ошону менен бирге эле жогорку көркөм чеберчилик жана эмоционалдык сезимге толо болгон. Акыркысы Фирдоусинин өчкүс эмгегинин өзгөчө трагедиялуу сахналарында көп көрүнөт, китептин башка барактары бир канча музейлерде сакталып келет. Илханат доорунан алгачкы перс сүрөтчүлөрүнүн аттары биздин күнго чейин сакталып калган. XVI-кылымдагы сүрөтчү, даанышман, каллиграф Дуст Мухаммад, өзүнүн 1544-1545-жылдардагы трактатында Ахмад Муса сүрөтчү тууралуу эскерген. Ал өзүнүн шакирттери катары Даулат Яра жана Шамс ад Динди трактатында эскерген. Монгол доору перс классикалык живопистин түптөлүшүндө эң маанилүү доор болгон. Перс, араб жана византия элементтеринин аралашканына жана эклектикалык натыйжага карабай XIV-кылымдын акырындагы бир нече эсе кылдаттык живопись синтезине алып келди.

Иран тарыхында жөнөкөй провинциалдуу султан тараптан дайындалган губернатор, баардык регионалдык бийликти колуна алып, жергиликтүү жана жарым автономдуу династиянын негиздөөчүсү болгон учурлар көп кездешет. Инжуиддер ушундай династиялардын бири болгон, алар 1303-1357-жылдары Фарс аймагын башкарып турушкан, Шираз шаары бул аймактын борбору деп саналган, шаарда манускрипт жасаган устаканалар алда канча көп кездешкен. Инжуиддердин башкаруусунан биздин заманга дейре жоголуп кеткен “Калила жана Димна” (1333) эмгегинен жана ошондой эле “Шахнаме” 1341-жылдан эки иллюстрация жеткен, булардын миниатюрасы борбордук устаканаларга салыштырмалуу провинциалдык сапатта көп кездешет, бирок ошол эле учурда перс декоративдүү салтынынын кытай таасирине карабай ыраттуу сакталып калуусу көрүнүп турат. “Калила жана Димна” эмгегинин миниатюрасында, аял сүрөтүнүн тегерегинен көптөгөн гүлдөр менен кооздолушун байкоого болот. Бул өзгөчөлүк миниатюранын декоративдүүлүгүн күчөтүү аракети катары бааласак болот.

Музаффариддер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Музаффариддер өзүнүн кыска мөөнөттүү династиясын Илханиттердин урандысынан негизделген хандык болгон. 1350-жылы инжуиддерди кулатып, Шираз шаарын басып алып андан соң Тебризди басып, тоноого алган, бирок аны сактап кала алышкан эмес, ал эми 1393-жылы Тимур алардын башкаруусуна чекит койгон. Муззаффариддердин эң алгачкы миниатюрасы 1370-жылдарга таандык, ошондуктан андан эртерээк (1340-1350-жылдар) өнүгүү күмөн туудурат. Алардыкында жалаириддердин живописинин күчтүү таасири байкалып турат. Бул доордо миниатюра мейкиндигин уюштурууда жана фигуранын фондун алдындагы масштабдык байланышында терең өзгөрүүлөргө дуушар болгон. Күнүмдүк жашоого лирикалык, поэтикалык сюжеттер келген. Музаффариддер доорундагы сүрөттөрдү өндүрүүдөгү негизги борбор катары Шираз таанылган. Музаффариддердин жаңы стилин 1371-жылы жаралган «Шахнаме» (Стамбул, Топкары Сарай)эмгегинен байкасак болот. Анын негизги өзгөчөлүгү жарык айкындалган декоративдүүлүк, баардык он эки манускрипттин иллюстрациясына мүнөздүү. Мисал катары, “Бахрам Гур ажыдаарды өлтүрүп жатат” миниатюрасында кармаштын реалистикалык жагы эмес, декоративдик үлгү, арабеска, ажыдаардын денесин ачыктаган сүрөт чагылдырылат. Ал күрөшпөй жана жалын чачпай эле, анын денеси декоративдик эффектти күчтөш үчүн көгүш өңгө боелгон. Бул жаңы шираз стили 14-кылымдын акырына чейин колдонулган, аны «Шахнаменин» 1393-1394-жылга таандык көчүрмөсүнөн байкасак болот.

Жалаириддер монголдор доорунда Анатолиянын (Рум) губернаторлору болгон. Абу Саид өлгөндөгү ызы чуудан улам инжуиддер жана башка провинциалдуу династиялар менен бирге бийлике болгон күрөшү башталган. 1339-жылы Хасан Бузург жалаириддердин лидери Багдадды басып алган, ал эми анын мураскери Увайс 1360-жылы Тебризди басып алган. Династия 1431-жылы султан Хусейндин өлүмү менен кулаган. Сүрөтчүлөр өлкөдөгү ызы чуунун заманында бир кол башчыдан экинчи кол башчыга өтүп турушкан. Дуст Мухаммад 1544-жылы мындай деп эскерген, Ахмад Муса сүрөтчү Абу Саид илханиддердин акыркы ханында кызмат өтөгөн, ал эми анын шакирти Шамс ад Дин жалаириддердин доорунда Увайска кызмат кылган. 1336-1356-жылдардан бир нече гана чыгармалар азыркы заманга жеткен. 1360-1370-жылдарга таандык бир канча миниатюралар Стамбулда жана Берлинде сакталып келет. Илхан көркөм идиомасынын чоң таасирине карабай бир канча маанилүү өзгөрүүлөр байкалып турат. 1370-жылы Увайс өлгөндөн соң перс миниатюрасынын канондору, кийинки эки жүз жылдыкта төмөндөгүчө орун тапкан: сүрөтчүлөр абстракция менен натурализм, өң менен сызын, адам менен табияттын ортосунан, Иран рухун чагылдырган зарыл балансты тапкан. Увайстын өлүмүнөн соң кыйынчылыктар пайда боло баштаган, Увайстын ордуна агасы Ахмад (1381-141-жылдары башкарган) бийлике келген. Бирок анын башкаруусу тынч болгон эмес, анткени Тимур, Багдад тактысынан эки жолу кууган (сүрөтчүлөрдүн бир бөлүгүн Самаркандга алып кеткен). Бир гана Тимурдун өлүмү 1405-жылы Ахмаддын үчүнчү ирет Багдадды өзүнүн борбору кылууга улуксат берген. Бул башкаруучу перс живописинин тарыхындагы эң бир маанилүү окуя болгон. Булактар аны туруксуз жана каарду башкаруучу, ошол эле учурда поэзия, музыка жана живопистин күйөрманы катары баамдап келишет. Андан сырткары ал өзү ыр саптарын жазып, Абд аль Хая атту падышалык алдындагы сүрөтчүдөн сабак алган. Көптөгөн адистердин оюу боюнча Ахмад Жалаир перс миниатюрасынын лирикалык жана поэтикалык трансформация болушуна күч берген, анткени ал анын дүйнө таанымына төп келген. Анын башкаруу заманына бир канча иллюстрацияланган манускриптер таандык: эң алгачкысы эки тарыхы бар 1386-жыл жана 1388-жыл «Хамсе» Низами, бир канча провинциалдык деңгээлде аткарылган, бирок анда бир канча көз караштар байкалат, аны кийинчерек Ахмад китепканасындагы сүрөтчүлөр жогорку деңгээлге көтөрүп чыгышкан. Кийинки чыгарма бул «Үч поэма» Хажу Кермани (1396-жыл), перс живописинин өнүгүшүндөгү бүткүл тогуз миниатюра. Тексттин лирикалык мааниси эбегейсиз бийиктикте турат. Муну “Хумаюн дарбазадагы Хумаемди карап турат” миниатюрасынын үлгүсүнөн байкасак болот, гүлдөгөн бакча жана кооздолгон мунара сулуулуктун жана жаштыктын символун чагылдырып, өзүнүн сүйүүсүн күтүп турганы көрсөтүлгөн. Бирок символизм перс живописинде XIV-кылымдагы италия жана фламандия живописиндей анчалык спецификалык мааниде турган эмес, бул учурда табият жана архитектура адамдын ой чабытын кеңейтүү үчүн колдонулган. Андан сырткары бул манускрипте перс живописинин алгачкы жазылган миниатюрасы байкалат, ошондуктан автордун аты Жунайд (Дуст Мухаммад аны Шамс ад Диндин окуучусу деп эсептейт) белгилүү. Мындай көрүнүш ошол убактагы сүрөтчүнүн деңгээли, эмгегинде өзүнүн атын калтырып калгандай, жогору көтөрүлгөн. Ахмад Жалаирдин башкаруусунан дагы эки эмгек биздин заманга чейин жеткен, космология тууралуу илимий трактат (1388) жана кечки версиясы “Хамсе” Низами, миниатюралар курулуш иллюстрациясы менен “Үч поэма” Керманиге окшош. Бирок анын башкаруусунун акыркы жылынын эң сырдуу чыгармасы катары “Диван” эсептелет, аны Ахмад өзү жазган. 337 барактын сегизи ар кайсы темадагы маргиналдык сүрөттөр, окумуштуулардын баяндоосунда, ал Ахмаддын мистикалык шыгынын натыйжасы. Сүрөттөр аябай жакшы, ошондуктан азыркыга чейин автору боюнча дискуссиялар жүрүп келет. Көбүнчө адистердин назары боюнча ал сүрөттөр Абд аль Хая падышачылыктын сүрөтчүсүнүн эмгектери, бирок кээ бир адистердин назары боюнча аларды Ахмад султан өзү тартышы деле мүмкүн. Жалаириддик сүрөтчүлөрдүн перс живописине болгон салымы абдан жогору. Султан Ахмаддын башкаруусу менен доордун сүрөтчүлөрү ар кандай техникалар менен иштеген жана кийинки беш муундун сүрөтчүлөрү колдонуп келген көп түрлүү архетипикалык чыгарма схемаларын жараткан. Алар перс миниатюрасынын кийинки жүздөгөн жылдар сакталып калуусундагы өзүнүн ачык деңгээли жана колориттик гармониясына жеткен.

Тимуриддер живописи. XV-кылым

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Эрте тимуриддик живопись
  • Монголдордун басуусунан 150 жылдан кийин Ирандын түндүк чыгыш тарабынан Тимурдун армиясы кирген. 1400-жылы бүткүл Иран, Ирак, Кичи Азиянын бөлүгү, Индияны Делиге чейин жана Россия талааларын басып алган. Тимур өмүрүнүн акырына чейин согушка болгон ашыктыгын жоготкон эмес, ал Кытайга бара жатып жолдон каза тапкан. Анын басып алуу саясаты аябай жөнөкөй болгон: Тимур согушсуз жеңилүүнү жана анын ыктыярына көнүүнү сунуштаган, эгер шаар багынып бербесе, аны күч менен басып алып, бардык элди, жаш балдардан, карылардан, кол өнөрчүлөрдөн жана сүрөтчүлөрдөн башкасынын баарысын кырып салган. Акыркыларын Тимур Самаркандга алып кеткен, жана ал жерде эбегейсиз курулуш долбоорлоруна аралаштырган. Бирок Тимур байлыка толгон сарайларга караганда дарыя жээгинде чатыр тигип эс алганды жактырган. Тарыхый булактарга таянсак, тимуриддин сарайларынын дубалдары Тимурдун, үй бүлөөсүнүн, жактырган аялдарынын, согуштагы жеңүүлөрүнүн сүрөттөрү менен кооздолгон, бирок алардын бири да азыркыга чейин сакталып калган эмес. Андан сырткары Тимур башкарган доордон бир дагы иллюстративдик чыгармы биздин заманга жеткен эмес. Тимур сабатсыз болгон ошондуктан китепке жана миниатюрага көп көңүл бурган эмес.

Тимур өзүнүн балдарын жана неберелерин губернатор кылып даярдаган. өзүнүн мураскери кылып Пир Мухаммедди жарыялаган, бирок Тимур өлгөндөн кийинки ич ара чыр чатактардын натыйжасында Шахрух атту жалгыз баласы тирүү калып бийлике келген, анын бийлиги туруктуу чыгып, маданий процесстин улануусуна жакшы жол түзүп берген. Шахрух бир канча иллюстративдик манускриптерге буйрутма берген. Алардын ичинен эң атактуусу “Мажма ат Таварих” Хафиз Абру, монголдук Рашид ад Диндин “Жами ат Таварих” чыгармасынын уландысы. Бул чыгарманын бир канча көчүрмөсү чыгарылган, бирок биздин доорго бирөө гана жетип, азыркы учурда Стамбулда сакталып турат. Рихард Эттингхаузен атактуу изилдөөчү анын стилин “Шахрухтун тарыхый стили” деп аныктаган. Анын өзгөчөлүгү алдынкы пландагы чоң фигура, аз түрдөгү өсүмдүк. Эрмитажда, Санкт Петербургда, 1431-жылкы Шахрух үчүн жазылган “Хамсе” Низами тизмеси тарыхый эмес лирикалык стилде жазылган. Фарста губернатор болуп Шахрухтун жээни Искендер Султан кызмат кылган. Натурасы козголоңчу болгондуктан Шахрухка каршы көтөрүлүш жасаган 1414-жылы көзү чукулуп, 1415-жылы өлтүрүлгөн. Бирок кармалганга чейин Искендер Султандын Ширазда китепканасы болгон, ал жерден бир канча сонун 1410-жылга таандык манускриптер чыккан. Искендер Султан ал жылдары эки поэтикалык антология (1410-1411), жылдыздар китебин (1410-1411-жыл) жана астрономия трактатына (1410-1411-жыл) буйрутма берген. Поэтикалык антология өзүнүн сүрөттөрү менен Ахмад Жалаирдин «Диванына» окшошуп кетет. Жалаир живописине жакындыгы жана миниатюралардын өзгөчөлүгү: узундатылган фигуралар жана табияттын лирикалык сүрөттөрү. Кораллга окшошкон ар түстүү тоолор, 1430-1440-жылдардагы Тимуриддик миниатюранын өзгөчөлүгү. Искендер Султандын камака алынганан соң сүрөтчүлөрдү жана каллиграфтардын көпчүлүк бөлүгүн Герат шаарына которуп салган. Шираздын губернатору болуп баласы Ибрахимди дайындаган. Башка баласы Байсонкурду 1420-жылы Тебризди түркмөн кошууну Кара Коюнлудан тартып алуу үчүн жиберген, ал жерден Байсонкур Гератка тебриз сүрөтчүлөрүн алып келген, алардын ичинде болжол менен Ахмад Жалаирге кызмат кылгандар да болгон. Шахрухтун эки баласы тең сабаттуу болушкан, алардын эмгеги менен тимуриддер миниатюрасынын XV-кылымдын биринчи жарымындагы өнүгүүсү байланыш. Берлиндеги ислам өнөрү музейинде поэтикалуу “Антология” (1420-жыл) Ибрагим Султандын бир тууганы Байсонкурга деген жазуусу менен миниатюралар сакталып турат. Башка чыгарма, “Хамсе” Низами 1435-1436-жылдар Ибрагим Султандын стилинин туу чокусу катары бааланат. Шираз чеберлери атактуу чыгармалардан бөлөк, падышалык деңгээлдеги эмес жөнөкөй түрдөгү чыгармаларды да чыгарып турушкан. XV-кылымдагы эң кереметтүү китепкана Герат шаарындагы Байсонкурда болгон, ал жерде доордун алдынкы сүрөтчүлөрү чогулган. Тарыхый документтерде галереянын салынып бүткөнү тууралуу маалыматтар айтылган. Албетте галереяда кагазга, жибеке жазылган сүрөттөр сакталып турган. Байсонкур өзүнүн виного болгон азгырыка жана эрте өлүмүнө карабай сүрөтчүлөрдү жаңы жетишкендике сүрөгөн, күчтүү эмгектердин бири болуп “Калила жана Жимна”, Фирдоусинин “Шахнаме” жана Саадинин “Гулистан” чыгармалары. Ошол эпохадан биздин доорго Стамбулда сакталып турган уникалдуу документ жеткен, анда китепкананын башчысы, каллиграф Жафар Али Табризи, Байсонкурга жыйырма эки долбоордун, китеп миниатюрасынан баштап архитектурага чейинки ишин доклад кылган. Документте китепкананын жыйырма беш ишкеринин ысымы аталат алардын ичинде сүрөтчүлөр, каллиграф жана башкалар да бар. Байсонкурдун аты менен жыйырмадан ашуун иллюстративдүү манускриптердин жана көптөгөн миниатюралар байланыштуу. Алардын ичинен эң чоңу болуп “Калила жана Димна” жана “Шахнаме” саналат. Бул миниатюралар классикалык перс живописинин үлгүлөрү, ал эми айрымдар Байсонкурдун Гераттагы китепканасын, доордун Көркөм Академиясы деп атап келишет. Байсонкурдун өлүмүнөн соң устаканалар жоголуп кеткен эмес, бирок кээ бир сүрөтчүлөр Фарс, Азербайжан же Индияга кетип калышкан. “Миражнаме” китеби (Мухаммад пайгамбардын мистикалык сапарларынын тарыхы) 1436-жылга таандык, Гераттын устаддары аркылуу чыгарылган. Анда 61 миниатюра бар, ал эми текст араб жана уйгур тилдеринде жазылган. 1450-жылы герат устаканаларында «Шахнаменин» дагы бир тизмеси Шахрухтун үчүнчү баласы Мухаммед Жуки үчүн жарык көргөн. Анын миниатюралары 1430-жылы Байсонкурга жазылган чыгармага окшошуп кетет. XV-кылымдын ортосунда Мухаммад Сиях Каламдын сүрөтчүлүк өнөрү бекем турат, ал өзүнүн сүрөттөрүндө дервиштерди, шамандарды, шайтандарды жана көчмөндөрдү тарткан, ал перс живописинин салттуу көрүнүшүнөн сырткары турган. Сюжети жана стили боюнча сүрөтчү орто азиялык жана кытай салттарына жакыныраак болгон. Анын көпчүлүк чыгармалары Стамбулда Тапкапы Сарайда сакталып турат. Кытай таасири тимуриддердин өнөрүнө көп тараптуу болгон, орнаменттерден баштап баардык идиштерди кооздо кытайдын стилинен алынган. Тимурид хандыгы Кытай менен жакын соода сатыкта турган жана көптөгөн кытай буюмдары ар кандай орнамент жана кооздуктар менен жергиликтүү базарларда сатылган. Кытай жибеке түшүрүлгөн живописи алынып келип турган, алардын айрымын иран сүрөтчүлөрү көчүрүп тартышкан.

Түркмөндөр жана кечки тимуриддер живописи

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1447-жылы Шахрухтун өлүмүнөн соң, тимуриддердин ичинде ич ара чыр чатак көтөрүлдү. Шахрухтун баласы Улугбек Мавераннахрдын башчысы, Гератты басып алып сүрөтчүлөрдү Самаркандга алып кетти, жана эки жылга жакын тимуриддердин жерин жалгыз башкарып турган. Андан соң өз баласы Абд ал Латифтин чыккынчылыгы менен бийликтен кетирилген жана 1449-жылы өлүмгө буйрулган. Эки жылдан кийин Абд ал Латиф өзү өлтүрүлгөн, ордодо кайрадан бийлик талашуу башталган. Бул абалдан түркмөн кошууну Кара Коюнлу колдонуп Жахан шах кол алдында батыш жана түштүк Иранды басып алган, 1458-жыл Гератка кол салган. Тогуз жылдан кийин 1467-жылы башка түркмөн кошууну Ак Коюнлу, Узун Хасан бириккен согушта Жахан шах өлтүрүлгөн. Бул абалдан колдонуп тимуриддер өзүнүн ээлигин кайра алууну каалап Ак Коюнлуга жоортул жасаган, бирок жеңилүүгө дуушар болуп аймакты толук бойдон алдырган. Мындай коопсуз заманда сүрөтчүлөр бир башкаруучудан экинчиге өтүп жүрүшкөн. Герат Байсанкурдун бийлигинин учурунда өнөрдүн Меккеси болгон шаар, кылымдын орто ченинде сүрөтчүлөр үчүн атактуулугун жоготкон, сүрөтчүлөр бул шаардын ордуна Тебриз, Шираз жана Багдадды артык көргөн. Гератта Шахрухтун өлгөн жылынан баштап Хусейн Байкардын башкаруу жылына чейин бир дагы иллюстрациялык манускрипт жазылган жок. Бирок түркмөндөр басып кирген аймактардагы сүрөтчүлөр чоң шаарларда кызмат кылып келген. 1450-жылдан биздин заманга жалгыз «Хамсе» Низами, шираз стилиндеги Султан Ибрагим башкарга доордогу манускрипт жана бир канча герат стилиндеги Байсонкур сүрөтчүлөрүнүн миниатюралары жеткен. Пир Будак Түркмөн башчысы Жахан шахтын баласы Шираздын башчысы болуп турган кезинде, атасынын буйругуна каршы чыгып 1460-жылы Багдадды басып алган. Анын башкаруу мезгилинде эки иллюстрацияланган манускрипт түзүлгөн. Алардын бирөөсү поэт Жамалинин “Хамсе” тизмеги 1465-жылы Багдадда басып чыгарылган, ал эрте герат стилиндеги миниатюралары менен жаңы киргизүүлөргө бай болгон. Ошол эле жылы Пир Будак атасы Жахан шахка каршы көтөрүлүшкө чыгат, бирок Жахан шах Багдадды басып алып баласын өлүмгө буйруган. Эки жыл өткөн соң Жахан шах душманы Узун Хасандын колунан каза табат жана Кара Коюнлу жерлери Ак Коюнлуга өтүп кеткен. Узун Хасандын Тебриздеги сарайларында дубал сүрөттөрү көп болгондугуна карабай биздин доорго андан жалгы манускрипт жеткен, аны баласы Халил атасына арнап буйрутма кылган. Бирок бул заманда иллюстративдүү чыгармалар башка башкаруучулар аркылуу буйрутма кылып жасалып турган. Алардын ичинде Шемахада Фаррух Ясар Ширвананын башчысы аркылуу түркмөн башчысына жасаткан эмгекти атай кетсек болот. Андан башка көптөгөн коммерциялык чыгармалар чыгып турган, алардын бир бөлүгү биздин заманга чейин жеткен. Алардын сапаты сарайда жасалгандардан бир кыйла ылдый турат. XV-кылымдын акырындагы түркмөн манускриптеринин ичинен эң жакшысы катары “Шахнаме” 1494-жылы Али Мирза, Гиляндын султаны үчүн жасалган чыгарма бар, анда 350 миниатюра тартылган. Бул миниатюралардын сүрөттөрүндөгү каармандар чоң баштуу болуп тартылып калгандыктан “Чоң баштуу Шахнаме” деп аталып калган. Айта кетчи нерсе, жогорудагы “Хамсе” Низами тизмеги тимурид канзаадасы Бабур Байсонкурга арналып жасалып башталган чыгарма, натыйжада түркмөндөргө олжо катары өтүп кеткен. Түркмөн сүрөтчүлөрү анын стилдик жагын карап Шемахада жазылган поэтикалык жыйындагы миниатюралар менен толукташкан. Ошол учурда эле тимуриддик Гератда Хуссейн Байкаринин 1470-жылы бийлике келиши менен живопистин жаңы өнүгүү доору башталган. Ал бийликти отуз алты жыл колго кармап турган. Анын башкаруу мезгилин коопсуз болду деп айтууга болбойт, батышта ар дайым түркмөндөр коопту учурларды жаратып турган, тимуриддик ханзаадалар чыр чатак салып, ал эми чыгышта болсо өзбектер күч топтоп жоортулга даярдык жасап турган, бирок Хуссейн баардык душмандарга туруштук берүүгө жетиштүү акылдуу болгон. Ал өзүнүн Гераттагы сарайына атактуу сүрөтчүлөрдү, поэттерди жана даанышмандарды чогулткан. Визир катары улуу поэт, өз доорунун сабаттуу инсаны Наваи кызмат өтөгөн. Сарайда андан сырткары Жами жана күчтүү сүрөтчүлөрдүн тобу алардын ичинен айта кетчүү Бехзад кызмат кылышкан. Хандык кабыл алууда татаал аземдер иштелип чыккан, ал жерде бир гана чиндик орду менен отургандан сырткары, поэзия, музыка же көркөм өнөрдү дискуссия кылганда атайын даярдалган сүйлөшүү этикасын тутунушкан. Хуссейн Байкари доорундагы герат миниатюрасы өз заманынын сарайлык тартиптин рухун чагылдырат. Хуссейн Байкариге таандык болгон эң алгачкы манускрипт «Зафарнаме» 1467-1468-жылдары Шир Али тарабынан Хуссейн герат тактысына келгенге чейин жазылган. Китеп Тимурдун басып алууларын баатырлаштырып жана анын ишин Хуссейн улашын Тимурдун мураскери катары айкындап жазылган. Ал иштин бүтүү жылдары 1480-жылдар, миниатюралардын автору катары улуу сүрөтчү Кемаледдин Бехзады айтып келет. Бир катар эксперттер баардык миниатюра Бехзаддыкы болгонун талашып келишет, бирок мисал катары “Самаркандда мечиттин курулушу” миниатюрасы толук бойдон Бехзадка таандык экенине шек жок, анткени ал өзүнө гана таандык стилди колдонуп, сюжетке тамаша аралаштырып жазган. Бехзаддын жети китеп иллюстрацияларынын долбооруна катышуусу, азыркы учурда шек жок жана көбүнчө иштер 1480-1490-жылдарга таандык. 1488-жылы Хуссейндин устаканаларынын дубалдарынан Саадинин “Бустан” чыгармасына жаңы эмгеги жарык көргөн. Бул манускриптин миниатюраларында Бехзаддын стили толук ачыка чыккан: адамдын фигураларынын тирүүлүгү, түстүк гаммалардын кылдаттык тандалуусу, толук бойдон портреттик окшоштуктар көрсөтүлгөн. Төрт миниатюрада Бехзаддын колу коюлган алардын ичинен эң жакшысы болуп “Юсуфтун азгыруусу” болуп саналат. Юсуф бул библиядагы Иосиф (Жусуп), ал эми аны азгырган бул Зулейха, библиядагы Потифаранын аялы. Библия тарыхы Жами тараптан өзгөртүлүп баяндалган, ал “Юсуф жана Зулейха” аттуу мистикалык поэма жазган, анда Зулейха жети чоң салону менен сарай салган, алардын дубалдарында Юсуфтун жана Зулейханын катышуусу менен эротикалык сүрөттөр тартылган, бирок Юсуф Зулайханын азгырыгына сарайдын жети эшигин аралап качып кеткен. Жамиде Юсуф менен Зулайха акырында нике курушат, бирок соңу кайгылуу бүтөт. Манускрипт Каирдеги Улуттук китепканада сакталып турат. Султан Хуссейндин китепканасынан чыккан атактуу чыгармаларга “Хамсе” Низамини кошсок болот, тимуриддик ханзаада Абул Касим Бабур аркылуу буйрутма кылып жазылган, анын өлүмүнө чейин акырына чыкпай калган. Эки сүрөтчү 1480-жылдары аны акырына чыгарган, Шейхи жана Дервиш Мухаммад эбегейсиз чыгарма жараткан, алардын стили Бехзаддын стилинен миниатюраны кооздогонго тартылган фантастикалык өсүмдүктөрү менен айырмаланат. Гератта ханга тартууга арналган чыгармалардан бөлөк, коммерциялык максатта жазылган чыгармала да көп чыгып турган, алардын бир бөлүгү азыркы доорго дейре сакталып келет. Мисал катары, «Хаварнаме»чыгармасын коммерциялык максатка арналгандарга кошсок болот.

Шейбанилер жана Бухара мектеби

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сырдарыянын түндүк тарабынан Шейбани хан менен бирге келген көчмөн өзбек уруулары, 1499-жылы Мавераннахрга кол салган, ал эми 1507-жылы Герат шаарын басып алган. Шейбанилердин борбору Самарканд шаары аталган. Бирок Шейбани хан өзүнүн жеңишине аз гана убакыт ыракаттанган, 1510-жылы перс шахы Исмаил I курчоого алынган Мерв аймагынан, Шейбанини өлтүрүп баш сөөгүнөн алтын жалатылган вино куйгуч жасоону буйрук кылган. Могол империясынын негиздөөчүсү Бабурдун Шейбанини жаман мааниде сүрөттөгөнүнө карабай, бул өкүмзардын Самаркандга китепкана салдырганы жана Гераттан бир канча чебер сүрөтчүлөрдү Самаркандга алып кеткени жана Бехзадка тимуриддердин кийимин кийип сүрөт тарттырганы анын бир топ кыраакы инсан экендигин далилдеп турат. Самарканд шаарына руханий академия- медресе, китепканасы менен кошо салдырган, ошол эле учурда Гераттагы адабият өнөрүнө бир топ көңүл бөлүп турган. Шейбани хан өзүнүн жаш курагын Бухара шаарында өткөзгөн, түрк тилинен бөлөк араб жана перс тилдеринде эркин сүйлөгөн, андан сырткары каллиграфия жана ыр жазууга кызыккан. Бийлигинин алгачкы жылдарынан баштап хан сарайдын тарыхчысы Молдо Мухаммад Шади тарабынан жазылган «Фатхнаме» (Жеңиш түрмөгү) (Ташкент, Чыгыш институтунун китепканасы) сакталып калган. Анын миниатюраларынын стили жөнөкөйлүк жана элеттиги менен айырмаланат. Албетте Шейбани ханга чейин эле Бухара жана Самаркандда китеп миниатюралары болгон. Тимур 1393-жылы багдад китепканасы Ахмад Жалаирден сүрөтчүлөрдүн бир тобун кошо ээрчитип кеткен, алардын ичинде Абд ал-Хая атту чебер сүрөтчү Тимурдун самарканддагы китепканасына китепканачы болуп дайындалган. Анын ошол замандагы эмгектери сакталып калган эмес. Абд ал-Хаянын окуучусу Мухаммад ал-Хая аркылуу жасалган көчүрмөлөр багдаддагы эмгектериндей суктандыра албайт. Акылман Улугбектин (1409-1449) башкаруу жылдарында бир канча манускриптер жазылган, алардын ичинен ас-Суфинин (1437-жыл) астрономиялык трактаты, жылдыздардын сүрөттөрү менен өзгөчөлөнүп турат. 1447-жылы Улукбек Герат шаарынан бир канча сүрөтчүлөрдү алып чыгып кеткенине карабай, Орто Азиянын миниатюрасынын сапатына маңыздуу таасир келтире алган жок. XV-кылымдын экинчи жарымы Орто Азиялык миниатюранын өркүндөшү үчүн түшүмдүү болгон жок. Шейх Кожо Ахрардын идеологиялык трактатынын алдында самарканддык тимуриддер оюнчука айланып, ортодоксалдуу мусулманчылыктын көтөрүлүшү күчөп, Улукбектин заманындагыдай интеллектуалдык жашоонун өсүшү токтоп калды. Маалыматтарга ылайык, Самарканддагы сүрөтчүлөр кайрадан Гератка кетип калышкан. Бул тармактагы чыныгы өсүп өнүгүү 1507-жылы Шейбани хан герат сүрөтчүлөрүн кайрадан Самаркандга алып келгенде башталды. Шейбани хан өлгөндөн соң, анын мураскерлери, алардын ичинен бөлөсү Убайдулла хан Шейбанинин ишин татыктуу улантып кетти жана 1520-жылы бухара китепканасы (ошол доордо Бухара борбор шаар болуп эсептелген) Бехзаданын герат стилине (манускрипт «Бостон» Саади 1522-1523-жылдар, Нью Йорк, Метрополитен музейи; «Михр жана Муштари» Ассар Табризи, 1523-жыл, Фрир Галереясы, Вашингтон) болгон байланышын көргөзө баштаган. 1512-жылдан 1536-жылга чейин Убайдулла Бухара шаарында атактуу сүрөтчүлөрдү жана каллиграфтарды чогулткан. Тарыхчылар доордун бул бөлүгүн өнөрдүн өнүккөн мезгили катары карашат. Бухара мектебинин өнүгүшүнө Убайдулла хан 1529-жылы Гератты басып алганда, сүрөтчүлөрдүн Бухарага көчүшү өзгөчө түрткү берген. Алардын ичинде Бехзаддын окуучулары Мир Али жана Шейхзада атту атактуу каллиграфтар болгон. Алардын биргелешкен эмгегин Хатифи поэтинин “Хафт манзар” атту манускрибинен байкасак болот. Анда бүтүндөй бир бетке төрт манускрипт түшүрүлгөн. Бахрам Гур жана кара бөлмөдөгү хандын кызы аттуу манускрипте кылдаттык менен аткарылган декоративдүү сүрөт түшүрүлгөн. Миниатюрада ачык түстөр колдонулган эмес. Жогорку жаңы бухара стили башка сүрөтчүлөр менен аткарылган, өзгөчө Абдулланын окуучусу Махмуд Музахибанын салымы чоң, ал 1575-жылга дейре Бухарада жашаган. Бул доорго Махмуд Музахиба аркылуу жасалган манускрипт “Тухфат ал Ахрар” (Урматтууларга белек) Жами 1547-жылдары Бухаранын султаны Абдулазизге арналган, андан сырткары Алишер Наваинин портретин тарткан. Султан Абдулазиз, ага чейинки султандын маданий салтын улантып, көркөм өнөр устаканасына чоң көмөк көрсөткөн, бирок 1550-жылы ал дүйнөдөн кайткан соң илюстрацияланган эмгектер бир топ азайып кеткен. Абдулла ханга (1557-1598-жылдар) арналган манускриптер, мисал катары Фирдаусинин «Шахнаме» чыгармасы чектүү боекчолор, эски сүрөт тартуу стили жана ачык пейзаждар менен айырмаланат. Бир канча сүрөтчүлөр Кутб шахтын сарайынын алдында кызмат кылуу үчүн Голкон жана Деканга көчүп кетишкен. Бухара мектебинин индия живописине болгон таасири байкалып турат. XVII-кылымдын башында улуу могол империясынын башчысы, перс живописинин сүйүктүү куйөрманы Жахангиринин сарайында Орто азиялык эки чебер, Мухаммад Мурад Самарканди жана Мухаммад Надир кызмат кылган. Орто Азияда кол жазууларды сүрөткө айлантуу XVII-кылымдарда да уланган. Бул доордогу көркөм өнөр өзгөчөлүктөрүн Шараф ад Дин Али Йаздинин 1628-жылкы “Зафарнаме” (жеңиш китеби) чыгармасынан байкасак болот, бирок кандай болгондо да миниатюралардын бир топ бөлүгү эски таризде жазылып келген. Дублин китепканасы Честер Биттиде, Саадинин “Бостон” чыгармасынын 1616-жылга таандык көчүрмөсү сакталып турат, андагы миниатюраларды Мухаммад Шариф, Мухаммад Дарвиш жана Мухаммад Мурат атту сүрөтчүлөр тарткан. Саадинин ошол эле чыгармасынын Дублин китепканасындагы башка көчүрмөсү 1649-жылга таандык. 1646-1647-жылдары Орто Азия могол күчтөрүнүн алдында турган, мындай кырдаал Индия менен болгон байланышты курчутту, жана ошондой эле могол миниатюрасы бухара жана самарканд сүрөтчүлөрүнүн эмгектеринде көп кездеше баштаган. Мындай байланышты Низаминин 1648-жылга таандык “Хамсе” манускриптинен байкасак болот. XVIII-кылымдарда бухара миниатюрасы жөнөкөй соода сатык деңгээлине түшүп кеткен.

Сефевиддер живописи

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Перс өлкөсүнүн жаңы калыпта чыңдалышы жана перс маданиятынын өнүгүшү Сефевиддер династиясы (1501-1736-жж.) менен байланыш. Династиянын негиздөөчүсү Исмаил I ата теги XV-кылымда Ардебилдеги Суфий орденинин негиздөөчүсү Сефи ад Динге барып такалат. Исмаилдин жоортулдары дайым жеңиштүү болгон: ал 1501-1508-жылдары Ак Коюнлу түркмөн уруусун талкалаган, ошондой эле батыш Персияны жана Анатолиянын чыгыш тарабын өз колуна алган. Андан көп өтпөй Шейбани ханды жеңген. Бирок кийинчерек түрк султаны Баязидге каршы кызылбашы көтөрүлүшүн колдоп жаңылыштык кетирген. Баязиддин баласы жана мураскери Салим көтөрүлүштү жөнгө салган, өзүнүн жакшы курал жарактанган армиясы менен Азербайжанга басып кирген, 1514-жылы Тебриздин жанындагы Чалдарын өрөөнүндөгү согушта Исмаилдин армиясын толук кыйроого учураткан, түрктөрдүн армиясы ок атуучу курал жарактар менен камсыз эле. Осмон империясы Тебризди тоноп, атактуу сүрөтчүлөрдүн көбүн алып кеткен, Исмаил мындан соң бир дагы согушка катышкан эмес. Исмаилдин аты менен перс живописинин «түркмөн стилинин» өнүгүшүн байланыштырат. Бул стилдин эң улуу өкүлү сүрөтчү Султан Мухаммад, өзүнүн чеберчилигин Исмаилдин доорунда чыңаган. Исмаил шахтын башкаруу мезгилиндеги эң жакшы үч манускрипти бөлүп карасак болот, алар: «Хамсе» Байсонкур заманында башталган, кийинчерек бир канча түркмөн канзаадаларынын колунан өтүпИсмаилдин эмирлеринин бирөөсүнө жеткен; «Дастани Жамал ва Жалал» Мухаммад Асафи, 1502-жылы жазылып бүткөн жана 1503-1505-жылдары 35 миниатюра кошулган; жана үчүнчүсү Фирдаусинин “Шахнамеси”, Исмаил шах үчүн атайын кайрадан жазылып чыккан жана бир канча миниатюра кошулган. Живопистин чыныгы гүлдөө мезгили Исмаилдин мураскери Тахмасп I заманына туш келди, анын өнөргө кызыгуусу болгон: Тахмасп каллиграфия жана сүрөт тартканга кызыккан. Тахмасп жаш кезин Герат шаарында өткөзгөн, бирок атасы дүйнөдөн кайткан соң 10 жашында шах болуп жарыяланып Табризге көчүп келген. Ал менен бирге бир катар герат китепканасынын сүрөтчүлөрү Табризге келишкен. Ушундай жол менен Табризде герат стили менен бехзад стили аралашып өзгөчө бир шайкеш жана тең салмактуу живопись мектеби негизделген. Тахмасп китепканага катуу көңүл бурган, анын демилгеси алдында Султан Мухаммад, Ага Мирек, Мир Сейид Али, Абд ас Самад, Мир Мусавир, Мирза Али сыяктанган бир катар атактуу өнөр чеберлери чогулган. Айта кетчү нерсе, анын алгачкы башкаруу жылдарында сарайдын көркөм өнөр иштерин атактуу Бехзад башкарып турган. Эбегейсиз китеп долбоорлорунун бири болуп 1525-1535-жылдары Тахмасптын буйругу менен жасалган “Шахнаме” манускрипти болуп саналат. Китепте 742 чоң форматтагы китеп беттери, 258 миниатюра жана көптөгөн иллюминациялар болгон. Китептин үстүндө шах китепканасындагы атактуу сүрөтчүлөрдүн баарысы иштеген. Анын чоңдугу жана көлөмү боюнча ильхандар доорундагы «Шахнаме» менен гана салыштыруу туура келет десек болот, башка кылымдырда мындай эбегейсиз китеп жазылып көргөн эмес. Китептин миниатюралары стили боюнча ар түрдүү: анда таза табриз стили, таза герат стили жана аралаш стилдеги миниатюралар бар. Кийинки долбоор «Хамсе» чыгармасы толук акырына чыкпай калган, 14 гана миниатюра тартылган, 1675-жылы сүрөтчү Мухаммад Заман аркылуу тексттеги миниатюрага бош калган жерлер толукталган. Бул долбоорго китепканадагы Султан Мухаммад сыяктанган атактуу сүрөт чеберлери тартылган. Ал замандагы сүрөтчүлөр сүрөт манускриптерин чогуу иштегенден бөлөк, өзүнчө көптөгөн эмгектерди жараткан. Эмгектердин көбүнчөсү сарайдагылардын портреттери же канзаадалардын кызматчылары менен жүргөн сүрөттөрү тартылган. 1540-жылдын орто ченинде Тахмасп шах кандайдыр бир себептер менен живописке жана каллиграфияга болгон кызыгуусун жоготуп койгон. Ошол учурда могол императору Хумаюн Табриз шаарынын хан сарайынан баш паанек табып, китепкананын сүрөтчүлөрүнө суктанган. Хумаюн 1544-жылы Кабулга кайтып келгенинде өзүнүн сарайына Мир Мусавир, Мир Сейид Али жана Абд ас Самадды чакырган, сүрөтчүлөрдүн Кабулга келиши менен могол живопись мектебинин доору башталган. Бир канча жыл мурун Тахмасп шах аларды жибербөөсүнө шек жок эле. Тахмасптын башкаруусу тынч ѳткѳн жок. 1524-жылдан 1537-жылга чейин Тахмасптын армиясы ѳзбектердин кол салуусунан коргонуп турган. 1535-жылы осмон империясы сефевиддерден Месопотамия жана Багдад шаарларын басып алган. Тахмасп түрк осмондордун перс жерине кол салуусун токтотуу үчүн жерлерди ѳрттѳѳ ыкмасын колдонгон, мындай жол менен осмон империясынын аскерлеринин тамак ашын бууп койгон. 1554-жылы осмон армиясынын дагы бир чабуулуна каршылык кѳргѳзгѳн, ал эми 1555-жылы осмон империясы менен Амасий тынчтык келишимине кол койгондо кудайга болгон ыраазычылыгына чек жок эле. Мүмкүн ошондон соӊ 1556-жылы мамлекет ичинде светтик ѳнѳр мыйзамсыз деген жобого кол койгондур. Индияга кетпей калган сүрѳтчүлѳр Машхад шаарында Тахмасптын бѳлѳсүнүн кол алдында Жаминин “Хафт Ауранг” чыгармасына сүрѳттѳрдү тартышкан. 1550-жылы шах Тахмасп ѳзүнүн борбор шаарын осмон империясынын чек арасынан алысыраак Казвин шаарына кѳчүргѳн жана ал жерде китепкана куруп Асадинин “Гершаспнаме” чыгармасына машхад стилиндеги миниатюраларды түшүргѳн. Бул мезгилде Шираз шаары кѳркѳм ѳнѳрчүлүктүн борбору болгон. Шираз шаарындагы сүрѳтчүлѳр ар кайсы стилдеги миниатюралардын таасири алдында болгон, 1560-1570-жылдары борбор шаар Казвиндин таасири байкалып турган. 1576-жылы Тахмасп дүйнөдөн кайткан. Бул окуя өлкө ичиндеги туруксуздукка алып келди. Тахмасптын мураскери, шах Исмаил II (1576-1577), Тахмасптын экинчи баласы болгон, атасына баш ийбегендиктен 20 жыл түрмөдө жаткан. Исмаил бийлике келиш үчүн өзүнүн бир туугандарын катары менен өлтүрүп же көзүн сокур кылып салган, аны алгач кызылбашы колдоп турган, бирок өзүнүн жеке амбициясы үчүн жогорку чиндегилерди өлтүртүп баштаганда ууланган опиум берип өлтүртүп койгон. Исмаилдин ордуна Тахмасптын улуу чала сокур баласы Мухаммад Худапенде (1577-1588) келген, ал өлкө иштерине шыгы жок адам болгон, өлкө ичиндеги баардык иштерди, эмирлердин көрө албастыгы менен муунтуп өлтүрүлгөнчө аялы аткарып турган. Өлкө ичинде ич ара чыр чатактар күч алган, ал менен катар сырткы душмандар көтөрүлө баштаган. Акыр аягы, Мухаммад бийликтен четтетилип ордуна баласы Аббас келген. Исмаил II өзүнүн көркөм өнөргө кызыгуусу жоктугуна карабай китепкананы башкарып турган. Анын кыска бийлик башкаруусунда толукталбаган “Шахнаме” (1576-1577) тизмегин айтсак болот. Андагы миниатюралардын сапаты Тахмасптын “Шахнамесинен” бир кыйла айырмаланып турган. Сүрөттөр жөнөкөйлөшүлүп, төшөк сүрөттөрү көп чагылдырылган. Бул долбоордо Тахмасптын кол алдындагы сүрөтчүлөр иштеген, алардын бири Али Асгар, атактуу сүрөтчү Резайи Аббастын атасы. Исмаилдин өлүмү көркөм кол өнөрчүлүкө, манускриптердин жасалышына чоң сокку урган, анын ордуна келген Мухаммад Худапенде, көзүнүн жакшы көрбөгөндүгүнө байланыштуу китеп миниатюраларына кайдыгер болгон. Анын он жылдык башкаруу мезгилинде, казвин мектебинин сүрөтчүлөрүнүн бир бөлүгү Индияга, экинчи бөлүгү Турцияга, ал эми Хабибулла, Мухаммади, Али Асгар, Шейх Мухаммад жана Садык Бекке окшогондор Герат жана Машхад шаарларына көчүп кеткен. Чоң долбоорлордун жоктугуна байланыштуу, соода сатык максатындагы өзүнчө барактарга миниатюраларды тартуу көбөйгөн. Ушунун натыйжасында жаңы көркөм өнөр сюжеттери өөрчүгөн. Бул процесс Персияда эркин көркөм өнөр базарынын өөрчүшүнө алып келген. Аббастын I (1587-1629) бийлике келиши өлкөнүн толук кыйрашынан сактап калган. Жаш жана кубатту шах бийлик жүргүзүүсүнө тоскоол болгон адамдардын баарысын жеңил жана ыраттуулук менен жоготуп турган. Анын кырк жылдык башкаруусу иран тарыхынын алтын доору болуп саналат. XVII-кылымдын акыр ченине чейин Ирандын мурда тарттырып жиберген жерлерин кайра алган. Өзүнүн борбору кылып Эсфахан шаарын дайындаган. 1590-жылдары соода катары баракчаларга тартылган миниатюралар көп кездешкен. Бул ирет сүрөттөр ар кыл түстө болуп шейхтердин, дервиштердин, ал эмес жумуш иштеп жаткандардын сүрөттөрү тартыла баштаган. Бул кылымда Мухаммади жана Садык Бек сүрөт тартып турган, бирок Али Асгардын баласы Резаи Аббаси өзүнүн жаңы ыкмалары жана сюжети менен эл ичине атагы чыгып баштаган. Анын жаңы идеялары башка сүрөтчүлөр үчүн үлгү катары колдонулуп баштаган. Реза сүрөттүү манускриптерди жазууда терең иштеген, бирок эл ичинде жеке миниатюралары менен белгилүү болгон. Анын өнөрү 1580-жылдан 1635-жылга чейинки мезгилди камтыйт. XVII-кылымдын баш чендеринде Иранга көптөгөн европалыктар келе баштаган, алар өзүлөрү менен бирге европалык көркөм өнөр буюмдарын, сүрөттүү китептер, миниатюраларды алып келишкен. Европа көркөм өнөрүнүн перс көркөм өнөрүнө сүңгүп кириши бир канча этап менен жүргүзүлгөн. Шах Аббас Европадан бир гана Осмон империясына каршы шериктерди эмес, соода сатык боюнча шериктерди да издеген. Европа менен аскердик шериктештик ишке ашкан жок, бирок англия жана голландия ишканасы Иранда текстиль ишканасын ачкан, европалык сатуучуларды, дин кызматкерлерин, усталарды эми борбор шаардан гана эмес, Ирандын башка аймактарында да кездеше баштаган. Шах Аббас иранга бир топ армян, черкес, грузин улутундагы адамдарды көчүрүп келген. Шах Аббас армяндарга Эсфахандан Жаңы Жулфа аймагын бөлүп берген, армяндар иранда жибек тармагында чоң салым кошкон, 1606-1728-жылдары армяндар 20га жакын баалу таштар менен кооздолгон чиркөөлөрдү салган. XVII-кылымда Перс борборунда европадан үлгү алынган бир топ живопистерди кезиктирүү мүмкүн эле. Резаи Аббаси өзүнө ылазым көрүп кээ бир сюжеттеринде европа стилин колдонгону менен, перс живопись салтын терең карманган1640-жылдары абал өзгөрүп, көптөгөн сүрөтчүлөр өзүнүн эмгектеринде европа ыкмаларын колдоно баштады XIX кылымдын акырына дейре перс сүрөтчүлөрү улуттук салтты карманып, европа көркөм өнөрүнүн перс живописине терс таасир тийгизбеген жагын гана колдонуп келген. 1629-жылы Шах Аббас I каны суюлуп кетип каза тапкан. Тактыга уулу Сафи I (1629-1642) келди. Шах Сафи тактыда 13 жыл олтурган, 1642-жылы алкоголго берилип кеткендиктен каза тапкан. Сафинин ордуна Аббас II (1642-1666) тактыга олтурду, анын башкаруу мезгили тынч жана түшүмдүү болду. Сулаймандын (1666-1694) бийлике келиши менен сефевид династиясынын соңуна чыгышы айкын билинип турду. Анын өлкө иштерине аралашпаганы экономикалык кыйроого алып келди. Шах айлап аялдарынын сарайынан чыкпагандыктан административдик жана армия системасы толук аксап калды. 1630-1722-жылдар перс сүрөтчүлөрү эки негизги фактордун таасири алдында калган: Резаи Аббасинин эмгектери жана европа көркөм өнөрү. Албетте, мындан сырткары могол живописи да бар болгон, анын таасири Шейх Аббаси, Али Наки жана Мухаммад Таки сыяктанган сүрөтчүлөргө тийген. Резаи Аббасинин эмгектеринин таасири XVII-кылымдагы сүрөтчүлөргө негизги көрүнүш болгон. Мисал катары, Мир Афзал Туни өзүнүн алгачкы эмгектеринде устадынын таасири чоң болгондуктан, аларды Резаинин акыркы эмгектери катары кабыл алып келишкен. 1642-1651-жылдары аталган сүрөтчү “Шахнеменин” иллюстрацияланган көчүрмөсүн жасоодо катышкан. Болжол менен ошол эле мезгилде башка топтогу сүрөтчүлөр Машхаддагы Резаи мечитине арналган “Шахнаме” эмгегинин үстүндө иштеп жаткан, бул иш 1648-жылы аткарылып бүткөн. Жогорку эмгекте кызмат кылган сүрөтчүлөрдүн бири Мухаммад Юсуф, өзүнүн баракчаларга тарткан миниатюралары менен таанымал, кийинкиси Мухаммад Касым, Резаи стилинде сүрөт тарткан. Ошол доордо Резаи Аббасини уулу Мухаммад Шафи Аббаси да иштеген, ал перс стилин кытай жанры жана европа таасири менен аралаштырып гүлдөрдү жана чымчыктарды тарткан. Мухаммад Али XVII-кылымдын экинчи жарымында аялдардын, жаш уландардын жана шейх дервиштердин портретин тартуу менен атагы чыккан. Бирок аталган кылымдын экинчи жарымындагы борбордук фигура катары Муин Мусаввир, Резаинин эң атактуу шакирти аталган. Муин өзүнүн талантын ар кайсы жанрларда көрсөтө алган. Жогорку кылымдагы атактуу сүрөтчүлөрдүн тобуна Жани атту сүрөтчүнү кошпосок болбойт, эмгектери европа стилинде аткарылып перс живописинен өзгөчөлөнүп турган. Ал өзүн “фаранги соз” же европа стилиндеги сүрөтчү деп атаган. XVII-кылымдын орто чениндеги сефевид живописинин тарыхый эстелиги болуп 1647-жылы Шах Аббас аркылуу Эсфахан шаарында салынган Чехел Сутун болуп саналат, анын дубалдары фреска менен жазылып чыккан. Алардын автору белгисиз, бирок көптөгөн изилдөөчүлөр аны Мухаммад Касымга таандык деп эсептеп келишет. Фресканын авторлору көлөкө түстүү ыкманы колдонушкан, бирок сүрөттөрдүн толук көрүнүшү салттуу перс миниатюрасын жоготкон эмес. Сарайдын бир бөлүгү табияттагы эс алуу сахнасы чагылдырылган, башка бир бөлүгү классикалык перс адабиятынын сюжеттери, ал эми негизги бөлүк тарыхый көрүнүштөр, шахтын чет элдик жуучуларды, өкүмзарларын кабыл алуу аземи, ошондой эле Исмаил шах менен Шейбанинин согуш сахнасы чагылдырылган. 1694-жылы Сулаймандын каза тапканынан соң тактыга анын баласы Султан Хуссейн келди, атасына окшоп эрки жеңил адам болгон. Руханий, олуя классындагыларга чоң эрк берип диний чыдамсыздык, дискриминация жана христиан, иудей, суннит мусулман жана суфийлерге каршы катуу чаралардын жүргүзүлүшүнө алып келди. 1720-жылы көтөрүлүштүн негизинде өлкө бир катар аймактарынан ажырады, мындай кесепеттин айынан 1722-жылы афган кол башчысы Махмуд Гилзаи персияга кол салып Эсфахандын алдындагы жети айлык салгылашуу жана курчоодон улам борбор шаарды басып алган. Султан Хусейн таажысын өз колу менен Махмуд Гилзаиге өткөзүп берген. Сефевиддер династиясынын доору аягына чыкты. Буга эпитафия катары Мухаммад Алинин “Султан Хуссейндин жаңы жылдык белектерди тапшыруусу” сүрөтү сефевиддер доорунун кулашын жөнөкөй сүрөт менен чагылдырган. Сефевиддер доорунун живописи эки кылымдын ичинде персиянын баардык негизги көркөм өнөр борборлорундагы, Герат, Табриз, Шираз стилдеринин синтезин басып өткөн. Афшарлар, Зенддер жана =Кажарлар. XVIII-XIX- кылымдар= Султан Хуссейндин тактыдан кеткенинен соң өлкө бир канча жыл ызы чууга оролду. Махмуд Гилзаи афган кол башчысы өлкөнү толук бойдон өзүнө карата алган жок, ошол эле учурда сефевид тукумун толук кыра албады. Сефевид канзаадасы бош аймактарды бириктирип Тахмасп атын алып өзүн шах жарыялады. Бирок Тахмасп баардык иштерди куу жана тымызын жүргөн кызылбашы урууларынын башчысы Надир шахтын каалосу менен жүргүзгөн. Надир шах 1729-жылы афган урууларын перс аймагынан кууп чыгып, бир катар согуштук жүрүштөрдү жасады, алардын ичинен 1739-жылкы Делиге болгон жүрүш жана шаарды тоноо, Надир шах Делиден могол императорунун атактуу “Тоос тактысын” алып кеткен. Надир шах перс жерин афган жана түрк кол салуучуларынан бошотуучу катары таанылганы менен, акылга сыйбас иштерди аткарган. Надир шах 1747-жылы өлтүрүлгөн, өлкөдө кайрадан ич ара чыр чатактар күч алган. Орус жана европа саякатчыларынын маалыматтары боюнча, Надир шах Машхаддагы жана Эсфахандагы сарайларынын дубалдарына сүрөт тарттырган, бирок алар азыркы учурга чейин сакталып калган эмес. Надир шахтын башкаруу мезгилинде жаш уландар, сүйүү жана башка жанрдагы сүрөттөр тартылбай калган, сюжеттердин көбүнчөсү шахтын жоортулдары, жеңүүлөрү болгон. Надир шахтын портрет сүрөттөрүн тарткандар көбөйгөн. Надир шах индияга болгон жүрүшүнөн көптөгөн могол манускриптерин алып келген, алардын 400 жакынын Машхаддагы Имам Реза көрүстөнүнө тартуу кылган. Ушул себептен улам XVIII кылымдагы перс живописине европа живописинен бөлөк могол живописинин таасири да абдан чоң. Надир шахтын өлүмүнөн беш жыл өткөн соң Карим Хан Зенд чыгыш перс урууларынын башчысы башка сефевиддин ишенимине кирип, саясий иштерин жүргүзгөн, өзүнүн мүдөөсүн ишке ашыруу үчүн бахтиар уруусун жана кызылбаш урууларын талкалаган. Карим Хан афгандыктар жана Надир хан алып келген балээлерден тазалаган, анын башкаруу мезгилинде кол өнөрчүлүк, соода сатык, курулуш иштери өркүндөгөн, бирок 1799-жылы Карим хандын өлүмүнөн соң ич ара чыр чатактар кайрадан күч алган. Карим хандын бийлик жүргүзүү ыкмасын жана доорун Аббас шахтын дооруна теңешет. өлкөнүн борбор шаары Ширазда жаңы сарайлар салынган, алардын дубалдарына бир гана согуш, расмий кабыл алуу сахналарынан бөлөк, “Ибрахимдин курбандыка чалуусу”, “Кой жайып жүргөн Муса” сыяктуу сюжеттерди тартышкан. Сюжеттердин басымдуу бөлүгү канзаада, бийлеп жаткан же музыка аспабында ойноп жаткан сулуулардын сүрөттөрү болгон. Живопись сүрөттөрү ар кыл сапатта болгон, жогорку сапаттагылар байлардын үйлөрүнүн дубалдарында тартылган. Карим хандын заманында живопись өзүнүн мурдагы калыбына келген, сулуу бийкечтер, сүйүү сюжеттер тартыла баштаган. Лак живописи өөрчүгөн. Бирок бул доордо төмөн сапаттагы көркөм өнөр буюмдары өөрчүгөн. Көптөгөн өлчөмдө жаман сапаттагы байыркы миниатюралардын көчүрмөлөрү, сапатты айырмалай албаган европалыктар же бай эмес перстер үчүн өндүрүлгөн. XVIII- кылымда түндүк Иранда Астрабад шаарынын айланасында жашаган кажарлар уруулары күч ала баштаган. Алар 1780-жылдын орто ченине чейин түндүк иранды толук бойдон өзүлөрүнүн көз карамагына өткөргөн, ал эми борбор шаар кылып Тегеран шаарын жарыялаган, бул шаар өлкө үчүн эч кандай маанилү болгон эмес. Бирок аталган шаар кийин дагы кажарлардын кол башчысы Ага Мухаммад зенддерди басып алып өзүн шах кылып жарыялагандан соң да борбор шаар болуп кала берген. Анын бийлик жүргүзүүсү кыска мөөнөттү болгон, 1797-жылы өлтүрүлгөн. Ага Мухаммаддын ордуна бөлөсү Фатх Али Шах (1797-1834-жж.) келген, бийлиги салыштырмалуу тынч өткөн. Бул доордогу негизги тынчсыздануу Орусия саясаты менен байланыштуу болгон, алар перстерден Грузияны жана Армениянын бир бөлүгүн тартып алган жана Иран менен соода сатыкта жеңилдетүүлөрдү ишке ашырган. Аталган уруулардын бийлике келиши менен перс живописи бир кыйла өзгөргөн. Кажар стили Тегеран шаарында Фатх Али Шахтын сарайында өөрчүп, өзүнүн эклектикалык негизи жана архаизикалык тенденциясы менен айырмаланган. Фатх Али Шахтын бийлигине сырткы көрүнүш, сарайлардын кооздугу, байлык мүнөздүү. Анын башкаруу мезгилинде байыркы Иран маданиятынын жана сарай жашоосуна мүнөздүү бир катар иштерди кайра жаралтуу аракеттери жүргөн. Фатх Али Шах байыркы Ахаменид жана Сасанид династиясындай, өзүн шахиншах (хандардын ханы) атап, сакал өстүрүп узун кийим кийген. Баардык сарай кызматчылары жана вазирлер Фатх Али Шахты туурап кийинишкен. Бул сарай маданияты портреттерде жана согуш сүрөттөрүндө чагылдыра баштаган. Европа живописи дагын да болсо чоң таасири бар эле, анын тегеран сарайынын архаизикалык маданияты менен аралашы бир канча суктанаарлык натыйжа берген. Көрктүүлүк жана шөөкөт лирикалык жанрдагы сүрөттөргө да мүнөздүү боло баштаган. Алгачкы кажар сүрөттөрүнө жалпак мейкиндик, өңдөрдүн локалдуулугу, орнаменттин орду жана кездемедеги оюу, кооздуктар мүнөздүү эле. XIX- кылымдын биринчи жарымында китеп миниатюралары жасалып турган. Биздин маалга “Шахнаменин” бир канча иллюстрацияланган көчүрмөсү жеткен. Миниатюралардын стили перс классикасынан бир кыйла айырмаланып турган. Фатх Али Шахтын ордуна небереси Мухаммад Шах келген, анын бийлиги 1834-1848-жылдаркы Орусия менен Англиянын аймактагы атаандаштыгын жогорулашы мезгилине туш келген. Бул атаандаштык андан кийинки башкаруучу Насир ад Дин шахтын (1848-1896-жж.) мезгилинде да катуу болгон, Насир ад Дин бир канча ирет Европага сапар тартып, өлкөдө реформа иштерин аткарган, англичандардын тилине кирип, бир канча чоң каталарды кылган, элдердин ага болгон нааразычылыгы көбөйүп акыр аягында өлтүрүлгөн. Тактыга баласы Музаффар ад Дин (1896-1907-жж.) келген. Насир ад Дин баардык европалык баалулуктардын, анын ичинде сүрөтчүлүк өнөрдүн колдоочусу болгон. Анын сүрөткө кызыгуусу чоң болгон, анын кесепетинде Тегеранда техникалык колледж негиздеген, колледжге Европадан көркөм өнөр адистери чакырылган. Насир ад Дин үй бүлөөсүнүн жана туугандарынын бир канча сүрөттөрүн, анын ичинде автопортреттерин тарттырган. Анын живопись портреттери, кийимдери жана тегерегиндеги буюмдар чындыка жакын. XIX- кылымдын экинчи жарымында европа көркөм өнөрчүлүгү Иранда толук жеңишке жетти. Иранда живопись мектептери ачылган, ал жерлерде европадан келген адистер же европада окуп келген иран адистери сабак беришкен. Бул этаптагы негизги борбордук сүрөтчү катары Камал ал Мулкту эсетесек болот, анын эмгектеринде европа ыкмалары колдонулган. Анын сүрөттөрүнүн негизги каармандары аристократиядан баштап жөнөкөй адам өкүлдөрү болгон. Дагы бир атактуу сүрөтчүлөрдүн бири Абул Хасан Гаффари беш жыл Италияда живопись адистигин окуп келип, XIX- кылымдын ортосунда Иранда сүрөт көркөм өнөр мектебин негиздеген. XIX- кылымдын ортосундагы негизги сюжет катары портрет турган. Сүрөтчүлөр сүрөттөрүн так жана окшош кылганга аракеттенген. Мындай этап XX-кылымдын башына чейин болгон, андан соң, иран сүрөтчүлөрү байыркы иран живописин, маданиятын жана салтын чыңдоо үчүн эски живопис стилинде тарта баштаган.

Классикалык перс живописи жана дүйнө

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Перс живописи өзүнүн бир канча кылымды карыткан салт санаасы, көркөм өнөр мыйзамы жана философиясы менен туруктуу болгон. Ар кайсы доордо дүйнөгө жана улуттарга ар кандай таасир тийгизип келген. Жогоруда анын ортоазиялык живописке жана могол живописине тийгизген таасири тууралу кеп курулду. Бирок анын таасири тегеректеги өлкөлөргө орто азия элдери жана Индостан менен чектелбейт. Перс живописи китеп миниатюрасынын осмон империясында өнүгүшүнө чоң салым кошкон. Самарканд сүрөтчүсү Баба Наккаш султан Баязид II (1481-1512) Турцияны башкаруу учурунда эң алгачкы устакана ачкандыгы тууралуу тарыхый маалыматтардын бар болгондугуна карабай, алгачкы осмон китеп буюдары мамлюктар өлкөсүнүн көркөм өнөр борборлорунан үлгү алгандыгы айтылып келет. Убакыттын өтүшү менен 1460-жылдары перс живописи осмон живописине таасири аарчый баштаган. Бул таасир Чалдаран салгылашуусунан (1514) соң күчөй баштаган, осмон империясы Табризди басып алган жана көптөгөн сүрөтчүлөрдү империяга алып кеткен. Тимуриддер доорунун жана сефевиддер доорунун иллюстрацияланган манускриптери Турцияда жогору бааланган, ал эми султандын Стамбулдагы жыйымында перс живопистери жана каллиграфиялары сакталып калган. Перс живописинин XIX-кылымдагы май менен тартылган живопистери Грузия, Армения жана Азербайжан живопистеринин өөрчүшүнө салым кошкон. Перс көркөм өнөрүнүн элементтери коңшу өлкөлөргө гана таркап чек болгон эмес. Декорду, ачык перс живописи Орусияга сүңгүп кирип, салттуу икона негиздерине аралашып, Федаскино, Палеха жана Мстер живопистерине таасир тийгизген. Лак живописи биринчи миң жылдыкта Кытайда негизделген, XV-кылымда Тимуриддердин башкаруу мезгилинде Орто Азияга кирген, ал эми XVII-XVIII кылымдарда Европага кирип, Европа аркылуу XVIII- кылымдын акырында Орусияга сүңгүп кирген. И. И. Голиков (1886-1937) палех сүрөтчүсү салгылашуулардын сахнасын тартып жатып, андагы аттарды кызыл, көк, сары түскө боеп жатып оюна келбегендир мындай стилдеги сүрөт бир канча кылым мурда “Варка жана Гүлшах” перс манускриптисинде аткарылгандыгын. XIX- кылымдын экинчи жарымына чейин перс живописине европалыктар кызыккан эмес. Маалымат боюнча, Рембрандт бир канча перс жана могол миниатюрасын сатаардын алдында алардын көчүрмөсүн түшүрүп алган, бирок муну перс живописинин еврпага болгон таасири катары караганга болбойт. Европалыктардын перс живописи менен болгон алгачкы толук таанышы катары XIX- кылымдын экинчи жарымындагы европадагы академиялык эрежелердин дымып калышынын натыйжасынан келип чыккан. Өңдөрдүн түшүрүлүшү, өзгөчө бир өңдөрдүн айкалышы француз сүрөтчүлөрүнүн кызыкчылыгын арттырган. XX-кылымдын атактуу атактуу сүрөтчүлөрүнүн бири Анри Матисс классикалык перс живописине жогорку баа берген.

  • Бехзад мектеби. Хусрувдун портретин карап олтурган Ширин. Миниатюра. Хамсе. Низами. 1495-жыл. Британия музейи, Лондон.
  • Анри Матисс. Үй бүлөө портрети. 1911-жыл. Эрмитаж, Санкт Петербург.
  • Көркөм сүрөт өнөрү/Перс көркөм өнөрү// Власов В. Г. Жаңы көркөм сүрөт өнөр энциклопедиясы. 2007-жыл.

Перс сүрөтчүлөрүнүн тизмеси

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Ахмад Муса
  • Шамс ад Дин
  • Жунейди
  • Амир Халил
  • Мухаммад Сиях Калам
  • Шейхи
  • Дервиш Мухаммад
  • Абд ал Раззак
  • Кемаледин Бехзад
  • Мир Мусаввир
  • Дуст Мухаммад
  • Касым Али
  • Шейхзада
  • Султан Мухаммад, Низамеддин
  • Махмуд Музаххиб
  • Абдулла Бухари
  • Мирза Али
  • Мир Сейид Али
  • Абд ал Азиз
  • Ага Мирек
  • Али Аскар
  • Музаффар Али
  • Хабибулл Машхади
  • Мухаммади
  • Шейх Мухаммад
  • Абд ас Самад
  • Садык Бек
  • Фаррух Бек
  • Мухаммад Мурат Самарканди
  • Мухаммад Али (Индияда иштеген)
  • Резаи Аббаси
  • Мухаммад Касым
  • Мухаммад Али (Эсфаханда иштеген)
  • Мухаммад Шафи Аббаси
  • Муин Мусаввир
  • Мухаммад Юсуф
  • Мир Афзал Туни
  • Мухаммад Заман
  • Али Наки
  • Али Кули Жабар
  • Мехр Али
  • Абул Хасан Гаффари
  • Камал Мулк

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Деннике Б. Иран живописи. М., 1938-жыл
  • Казы Ахмад. Каллиграф жана сүрөтчүлөр тууралу трактат. М., 1947-жыл
  • XVI-XVIII- кылымдагы Индия жана перс миниатюраларынын жыйыны. Макала: А.А. Иванов, Т.В. Грек, О.Ф. Акимушкин. М. 1962.
  • доктор Бехнам. Иран миниатюрасынын көргөзмөсү, М. 1963-жыл
  • Көркөм өнөр чеберлери. М. 1965-жыл
  • Акимушкин О.Ф., Иванов А.А. XIV-XVII-кылымдагы Перс миниатюралары. М. 1968-жыл
  • Карпова Н. К. XVIII-XIX- кылымдагы иран живописи. М. 1968-жыл
  • Г. Пугаченкова, О. Галеркина, Орто Азия миниатюралары, М. 1979-жыл
  • Чыгыш миниатюрасы, Пугаченкова Г. А., Ташкент 1980-жыл
  • Полякова Е. А., Рахимова З. И. Чыгыш миниатюра жана адабияты. Ташкент. 1987
  • Бертельс Е. Э. Иран адабият жана маданият тарыхы. М. 1988.
  • А. Т. Адамова. Эрмитаж жыйынындагы XV- XIX- кылымдагы живописи жана сүрөтү. 1996.
  • Бертельс А. Е. IX-XV- кылымдагы иран көркөм өнөр ыкмасы., Чыгыш адабияттары, 1997
  • Веймарн Б. В. Ислам өлкөлөрүнүн классикалык көркөм өнөрү. М. 2002.
  • Акимушкин О.Ф. Орто кылымдагы Иран. Маданият, тарых, филология. 2004
  • Хабиб Аллах Айат Аллахи. Иран көркөм өнөр тарыхы, 2007
  • Islam. Art and Architecture. Konemann. 2000.
  • Sheila S. Blair, Jonathan M. Bloom. The Art and Architecture of Islam 1250—1800. Yale University Press. 1994
  • Gray B. Persian Painting. Geneva, 1961
  • Canby Sh. R. Persian Painting. London. 1993
  • Rogers J. M., Cagman F. and Tanindi Z. The Topkapi Sarai Museum: The Albums and Illustrated Manuscripts, London. 1986
  • Titley, N. Persian Miniature Painting. London, 1983.
  • Welch, S. C. Persian Paintings: Five Royal Safavid Manuscripts of the Sixteenth Century. N-Y. 1976.
  • Diba Layla S., Robinson B. W. Royal Persian Paintings: The Qajar Epoch 1799—1924. London. 1998
  • R. Hillenbrand. Persian Painting: From The Mongols To The Qajars. Palgrave. 2001.

Искусство