Перу агымы

Википедия дан
Гумбольдт агымы.

Перу агымы, Гумбольдт агымыТынч океандын түштүк-чыгыш бөлүгүндөгү муздак агым, Батыш шамал агымынын бир тармагы. Перу жээк агымы, Перу океан агымынан жана алардын ортосундагы Түштүк Перу-Чили каршы агымынан турат. Болжол менен түштүк кеңдиктин 45°су менен 4°сунун ортосунда Түштүк Американын батыш жээгин бойлой түштүктөн түндүктү карай агат. Суусунун температурасы 15-20°С; ылдамдыгы 25 см/секдай. Чыгымы 15–20 млн м3/сек. Перу агымы жээктеги абанын температурасынын салыштырмалуу төмөн болушуна, жаан-чачындын жаашына шарт түзөт. Ал Дүйнөлүк океандын балык азыгы эң көп топтолгон (терендеги суулардын көтөрүлүп туруусунан) бөлүгү болуп саналат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]