Петербург конвенциялары

Википедия дан

Петербург конверциялары (1770—1790) Речь Посполитаны бөлүштүрүү жөнүндөгү конвен­циялар.

  • Орус-түрк согушундагы (1768—74) оор жагдай жана Пруссиянын кысымы менен Россия 1772-ж. 25-июлда Польшаны биринчи бөлүүгө (Россия, Пруссия, Австрия) ортосун­да) мажбур болгон.
  • Ал боюнча Россия­га — Чыгыш Белоруссия жана Ливониянын бир бөлүгү, Пруссияга — Вармия, Поморья (Гданьскиден башкасы), Мальборк, Хельминь (Торундан башкасы) воеводдуктары Ж. б., Австрияга Освенцим княздыгы, Белзкий воеводдугу ж. б. өткөн.
  • Полышанын чьщдалышына жолто кылуу макса­тында 1793-ж. 12(23)-январда Россия менен Пруссия Полыпаны экинчи бөлүү жөнүндө макулдашкан. Россияга Ба­тыш Белоруссиянын жана Украинаньга көп бөлүгү, Пруссияга Гданьск менен Торунь, бүт Улуу Польша, Мазовиянын бир бөлүгү ж. б. өткөн.
  • Россия, Австрия жана Пруссия 1794-жылдагы Польша көтөрүлүшүнө байланыштуу Польшаны үчүнчү жолу бөлүүгө 1795-ж. 13(24)-октябрда кол коюшкан. Ал боюнча Россияга Буг д,— Немпров — Гродно — Неман д. чегинин чыгышындагы жерлер, Австрияга — Краков, Сандомир, Люблин воеводду­гу ж. б., Пруссияга Мазовец воеводдугунун көп бөлүгү (Варшава менен кошо) ж. б. өткөн.
  • Речь Поснолитаны үч бөлүштүрүүнүн натыйжасында Россия Литва, белорус, украин жерлерин алган.
  • Австрия менен Пруссияга Полышанын негизги жерлери өткөн.
  • 1797-ж. 15(25)-январда Россия, Авст­рия жана Пруссия ортосунда түзүлгөн конвенция Речь Посполитаны бөлүүнү бекемдеп, анын мамл. өз алдынчалыгынын калдыктарын жойгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.