Петрищев, Василий Петрович

Википедия дан
Петрищев Василий Петрович

Петрищев Василий Петрович (1923-ж. т., азыркы Талас ш.) — Советтер Союзунун Баатыры (1943), 1941-ж. Советтик Армияга чакырылып, Фрунзе жөө аскерлер окуу жайын бүтүргөн (1942, июль). 1942-ж. августтан согушка кирген. Улуу Ата Мекендик согушта 960-аткычтар полкунда (Талаа фронту, 53-армия, 229-аткычтар дивизиясы) ротанын командири. Ага лейтенант П. 1943-ж. 15-августта Полевой айлында (Харьков обл., Дергачёв району) бир топ жоокерлер менен бирдикте душмандын таяныч пунктун ээлеп, жеке өзү душмандын 2 танкысын гранат менен талкалаган. Душмандын 3 жолку чабуулунун мизин кайтарып эрдик көрсөткөн. Согуштан кийин армияда кызмат өтөгөн.

М. В Фрунзе атындагы аскер академиясын бүткөн. 1974-жылдан запастагы полковник, Москвада жашайт. Ленин, 1-даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери жана медалдары менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Талас облусу энциклопедия. Бишкек-1995-ж.