Петров, Григорий Спиридонович

Википедия дан

Григорий Спиридонович Петров (1866—1925) — диний кызматкер, коомдук ишмер, журналист, публицист жана үгүттөөчү. Ямбург шаарында төрөлгөн (азыргы — Кингиссеп). Санкт-Петербург диний академиясын аяктаган. Михайлов артиллериялык окуу жайында, Пажеск корпусунда, Александров лицеинде, Политехника институтунда жана башка көптөгөн гимназияларда сабак берген. Анын жазган чыгармалары Санкт-Петербург шаарында өтө кең тарап, Петров тез арада эле атактуу боло калган. 

«Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы» китебинин автору.

«Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы»[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Октябрь революциясынан кийин, Петров Сербияда жашап жатканда, Финляндия тууралуу жазылган китеп. Китеп Финляндия өлкөсүн идеалдуу өлкө катары сүрөттөп, аны Россия жана башка өлкөлөргө үлгү болорун сунуштагандай жазылган . Китеп 2013 жылы кыргыз тилине которулуп, KITEP.KG басмаканасы тарабынан басылып чыгарылган. Петровдун өлүмүнөн кийин китеп көп жолу кайрадан бастырылып чыгарылган(анын ичинде 14 жолу болгар тилинде жана 16 жолу түрк тилинде).