Петти Уильям
Көрүнүш
Петти Уильям (26. 5. 1623, Хэмпшир, Рамси — 16. 12. 1687, Лондон) — англ, экономист, классикалык саясий экономияны негиздөөчү.
- Лейден, Париж, Оксфорд ун-ттеринен мед. билим алган.
- 1647-ж. нускалама машина ойлоп чыгарган.
- Физика илимд. доктору (1649), анатомия жана музыка боюнча проф. (1651).
- Көрүнүктүү эмгектери: «Салык жана жыйым жөнүндө трактат» (1662), «Соз акылмандарда» (1665), «Ирландиянын саясий анатомиясы» (1672) ж. б.
- Петти нин алгачкы чыгармалары меркантилизм идеясынын таасиринде жазылса, кийинчерээк ал андан баш тартып, байлык товар жүгүртүүдөн эмес, аны өндүрүүдөн чыгат деп эсептеген.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.