Пил тумшуктуулар

Википедия дан
мастодонт (Mammut americanum).

Пил тумшуктуулар (Proboscidea) – сүт эмүүчүлөр классынын түркүмү. Ортонку эоценде Африкада пайда болуп, ал жерден Евразияга тараган. Өзгөчө неогенде жана плейстоценде дүркүрөп көбөйгөн. Байыркы Пил тумшуктуулардын бийиктиги 1.иге жакын болгон, акырындап жашоо шартына байланыштуу 3,5 мден 5 .мге, салмагы 5000 кгга жеткен. Пил тумшуктуулардын үч түркүмчөсү – меритерийлер, дейнотерийлер жана пил сымалдар белгилүү. Пил сымалдардын 2 тукуму – мастодонттор жана пилдер бар. Азыркы мезгилде Пил тумшуктуулардын 2 гана түрү кездешет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]