Пион

Википедия дан

Пион (Paeonia) – өсүмдүктөрдүн пиондор тукумунун уруусу. Көп жылдык, тамыр-сабактуу чөп, чанда чала бадалдар. Өтө айчыктуу жалбырагы кезектешип жайгашкан. Гүлү ири, кош жыныстуу, түзүлүшү туура, ачык кызыл же күлгүн, агыш түстө, демейде жалгыздан. Мөмөсү – көп жалбыракча, уругу ири. Пиондун 40тай түрү Евразиянын мелүүн жана субтропик алкактарында, Түндүк Африкада, Түндүк Америкада кездешет, КМШ өлкөлөрүнүн түштүгүндө 20дай түрү белгилүү. Жазында гүлдөйт. Көбү (ичке жалбырактуу Пион, кытай Пиону) кооздук үчүн өстүрүлөт, кээ бир түрү – дары өсүмдүгү. Айрым бир түрүнүн саны азаюуда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]