Пирамида (геометрияда)

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Пирамида.

Пирамида (геометрияда) - негизи көп бурчтук, калган грандары жалпы чокусу бар үч бурчтуктуу көп грандык. Каптал грандарынын санына жараша Пирамида үч бурчтуу, төрт бурчтуу ж. б. болуп бөлүнөт. Пирамиданын чокусунан негизине түшүрүлгөн перпендикуляр Пирамиданын бийиктиги деп аталат. Пирамиданын көлөмү төмөнкүдөй формула менен чыгарылат: мында S – негизинин аянты , h – бийиктиги. Негизи туура көп бурчтук болуп, бийиктиги негизинин борбору аркылуу өткөн Пирамида туура Пирамида деп аталат. Туура Пирамиданын каптал грандары – бири бирине барабар болгон тен капталдуу үч бурчтуктар; ар бир үч бурчтуктун бийиктиги туура Пирамиданын апофемасы деп аталат. Пирамиданы негизине параллель тегиздик менен кессек, анда берилген пирамидага окшош жана кесилген Пирамидалар алынат.

Байланыштуу макалалар[оңдоо | булагын оңдоо]

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]