Пирин

Википедия дан
Пирин-Планина.

Пирин, Пирин-Планина – Болгариянын түштүк-батышындагы кырка тоо (түштүк тармактары Грекияда). Узундугу 75 км. Эң бийик жери 2914 м (Вихрен чокусу). Гранит, кристаллдык сланец, мрамор тектеринен түзүлгөн. Места, Струма дарыясынын орто агымындагы өрөөндө түндүк- батыштан түштүк-чыгышка созулуп жатат. Рельефтин альп формалары мүнөздүү; мөңгүнүн таасиринен пайда болгон көлдөр, этегинде көптөгөн терм булактары бар. Жазы жана ийне жалбырактуу токой, 2000 мден жогору тоо шалбаасы, жапалак арча өсөт. Вихрен улуттук паркы уюшулган. Курорттор бар. Туризм өнүккөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]