Пирометрия

Википедия дан
Пирометр.

Пирометрия (гр. руг — от жана ...метрия) — температураларды (жылуулукту) өлчөө методдорунун тобу.

Пирометрияга негизинен оптикалык өлчөө методдору гана кирет. Пирометрияда колдонулуучу негизги прибор — оптикалык термо­метр. Темп-раны өлчөөнүн оптикалык методу заттардын жылуулук чыгаруу, айрым учурда жылуулук жутуу касиетине негизделген. Заттардын жылуулук чыгаруу жөндөмдүүлүгү анын темп-расына көз каранды. Пирометрия методу жылуулук чыгарып туруучу, б. а. Кирхгофтун законуна баш ийген гана заттар үчүн колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.