Питер Динклеж

Википедия дан
Питер Динклеж
англ. Peter Hayden Dinklage

Динклеж 2013-жылы
Төрөлгөндөгү ысымы:

Питер Хейден Динклеж

Туулган датасы:

11 -июнь 1969(1969-06-11) (54 жаш)

Туулган жери:

Морристаун, Нью-Жерси, АКШ

Жарандыгы:

 АКШ

Кесиби:

актёр

Карьерасы:

1995 — азыркы учур

Сыйлыктары:

«Эмми» (2011, 2015, 2018)
«Алтын Глобус» (2012)

IMDb:

ID 0227759

Пи́тер Хе́йден Ди́нклэйж (Ди́нклиж; англ. Peter Hayden Dinklage, 11-июнь 1969, Морристаун, Нью-Жерси, АКШ) — америкалык актёр жана кинопродюсер. Ал көптөгөн мактоолорго арзыган жана бир "Алтын Глобус", эки "Primetime Emmy" сыйлыгына ээ болгон.

Морристаун, Нью-Жерсиде төрөлүп, Бруксайдда чоңойгон Динклеж эргежээл адам (ахондроплазия). Анын бою 4 фунт 5 дюйм (135см). Ал актерлук кесипти бешинчи классында "Жумшак коенек" тасмасында тартылуудан баштаган. Ал Беннингтон Колледжинде актерлук чеберчиликти окуган жана бир нече ышкыбозчулардын көрсөтүүлөрүндө катышкан. Питер "Унутуудагы жашоо" (анг. Living in Oblivion, 1995) тасмасында дебюттук түрдө тартылган. Бирок атактуулукка "Станция агенти" (анг. The Station Agent , 2003) тасмасында тартылгандан кийин жеткен. Ал "Эргежээл" (анг. Elf ,2003), "Мени күнөлүү деп эсепте" (анг. Find Me Guilty, 2006), "Укмуштуу ит" (анг. Underdog, 2007), "Нарниянын хроникалары: Каспий канзадасы" (анг. The Chronicles of Narnia: Prince Caspian, 2008) жана "Х-Адамдар: Өткөн келечектин адамдары" (анг. X-Men: Days of Future Past , 2014) тасмаларында тартылган.

2011-жылдан бери ал HBO телеканалынын "Тактылар оюну" сериалында Тирион Ланнистердин ролун аткарып келген. Тасмадагы ролу үчүн ал 2011 жана 2015-жылдары сериал категориясында "Emmy" сыйлыгынын "Экинчи пландагы эң мыкты актер" наамын жеңип алган жана 2011-2016-жылдардын аралыгында ал ар бир жылы "Emmy" сыйлыгына наамы көрсөтүлгөн. Ал ошондой эле ал "Алтын Глобус" сыйлыгынын "Сериалдар, кыска сериалдар жана теле тасмалардагы - экинчи пландагы эң мыкты актер" наамын жеңип алган. Динклеж теледеги эң көп маяна алуучу актер болуп саналат..

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]