Плитвич көлдөрү

Википедия дан
Плитвич көлдөрү.

Плитвич көлдөрү (хорватча Plitvička jezera) — Динара тайпак тоосунун түндүк-батышында, Хорватияда. Корана дарыясынын жогорку агымында (Саванын алабы) жайгашкан кооз карсттык 16 көлдөн турат; алар акиташтуу тектирлерден (625–506 м бийиктикте) орун алган. 140 шаркыратма, көптөгөн үңкүрлөр, булактар бар. Айланасында бук жана ийне жалбырактуу токой өсөт; аюу, каман, токой маралы, ж. б. жаныбарлар, сейрек кездешүүчү куштар мекендейт. Көлдөрүндө жилингир балыгы бар. 1949-ж. элдик парк (аянты 19,4 миң га) уюштурулган. Ал 1979-ж. Бүткүл дүйнөлук мурастын тизмесине киргизилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]