Покомо (эл)

Википедия дан

Поко́мо (кипокомо, малачини, pokomo) — Кенииядагы банту эли.
Саны 95 миң адам (2009).
Покомо эли "жогорку покомо" жана "төмөнкү покомо" деп бөлүнөт.
Покомо Инди океанынын жээгинде жана материктин ичиндеги Тана дарыясынын жээгинде жашашат. Алардын коңшулары гирьяма жана диго маданий жана тил жагынан олуттуу таасирге ээ.
Жаан-чачындуу мезгилде Тана дарыясы ташкындаганда селден жапа чегишет.

Тил

Покомо (кипокомо) тили банту уясына кирет. Көпчүлүк суахили тилин билет.

Дин

Төмөнкү покомо — христиандар жана жергиликтүү салттуу ишенимдердин өкүлдөрү. Жогорку покомо — мусулмандар.

Чарбалык иштер

Негизги салтту кесиптери — дыйканчылык (күрүч, жүгөрү) жана балык уулоо.

Тамак-аш

Жүгөрү, күрүч, банан, манго, балык.

Турак жай

Ылайдан жана чоподон жасалган тегерек алачыктар.

Коом

Коомдук түзүлүштүн негизин айыл жамааты түзөт. Аксакалдар кеңеши (Гаса/Gasa) негизги мүлк (жер) жана жеке (үй-бүлөлүк) талаш-тартыштарды чечүүчү орган болуп саналат. Чоңдор тобуна өтүү салттуу түрдө инициациялар менен коштолгон.

Маданият

Покомо салттуу бийлердин чеберлери катары белгилүү. Аземдик фольклор өнүккөн.

Кызыктуу факт

Кениянын улуттук гимнинин музыкалык негизин покомо элдик ыры түзгөн.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]