Полярограф

Википедия дан

Полярограф - заттардын эритмедеги концентрациясын, составын аныктоочу прибор.

Женөкөй Полярограф тизмеги изилденүүчү эритмеден, поляризацияданбоочу жана поляризациялануучу электроддордон, ток жана чыңалууну өлчөгүчтөн, чыңалууну жөндөөчү чыңалуу булагынан турат.

Полярографтын иштөө, принциби тизмектеги чыңалуу жогорулаганда эритмедеги ток күчүнүн өзгөрүшүн өлчөөгө негизделген.

Азыр ток күчү менен чыңалуунун ортосундагы көз карандылыкты - полярограмманы автоматтык түрдө жазуучу аппараттар түзүлгөн.

Полярограф реактивдердеги, куймалардагы, кендердеги металл кошундуларын (жез, цинк, кадмий, коргошун ж. б.) аныктоодо колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.