Портсмут тынчтык келишими

Википедия дан

Портсмут тынчтык келишимиОрусия менен Жапония ортосунда 1905-жылдын 23-августунда (5-сентябрь) Портсмут шаарында (АКШ, Нью-Хэмпшир штаты) түзүлгөн. Аны менен орус-жапон согушун (1904-1905) аяктаган.

Согуштун жүрүшүндөгү жеңилүүлөр жана өлкөдөгү революциянын башталышы Орусияны тынчтык келишим түзүүгө аргасыз кылган. Ошондой эле Жапония да Орусия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө аракеттенген. Сүйлөшүүлөр 1905-жылдын 27-июлунда (9-август) башталган.

Портсмут тынчтык келишими боюнча Орусия Жапонияга Ляодун жарым аралын, Түштүк Манжур темир жолун, Сахалиндин түштүк бөлүгүн арендалоо укугун берген.

Корея Жапониянын таасир этүү чөйрөсү деп таанылган. Ошондой эле Орусия Жапония менен балык уулоо конвенциясын түзүүгө милдеттенген. Жапония мурдагы бир катар талабынан (бүткүл Сахалинди алуу, контрибуция төлөтүү, Орусиянын Ыраакы Чыгыштагы согуш-деңиз күчтөрүн чектөө ж. б.) баш тарткан.

Портсмут тынчтык келишими падыша өкмөтүнө 1905-1907-жылдагы революцияны басууга жардам берген.

Советтер Союзунун учурунда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1925-жылы советтик-жапондук дипломатиялык мамилелер түзүлгөндө, Совет өкмөтү Портсмут тынчтык келишимин «Советтик Орусия ал үчүн эч кандай саясий жоопкерчилик тартпайт» деген шарт менен тааныган.

Экинчи дүйнөлүк согушта Жапония жеңилгенден (02.09.1945ж.) кийин Портсмут тынчтык келишими жараксыз болуп калган.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.