Проктит

Википедия дан

Проктит — көтөн чучуктун былжыр челинин сезгениши.

Түрлөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Проктит катуу кармама жана өнөкөт болуп айырмаланат.

  • Катуу кармама проктит ичегинин сезгенишинен (мисалы, колит) же былжыр челге такай механикалык жана химиялык таасирден, айрым уулар (сулема, мышьяк)менен ууланганда, ошондой эле геморройдун кабылдап кетишинен болот. Кээде арткы тешик аркылуу кирген микроб (мисалы, гонококк) пайда кылышы мүмкүн. Катуу кармама проктитте көтөн чучук ачышат, ооруйт, заңдагысы келет, былжырлуу, ириндүү, кээде кан аралаш суюктук бөлүнөт.
  • Катуу кармама проктит чала дарылоодон өнөкөткө өтөт. Өнөкөт проктиттин белгилери анча байкалбайт. Катуу кармама жана өнөкөт проктитти себебине, түрүнө жараша врач дарылайт, дарылоодо диета жана режимди сактоо жакшы натыйжа берет.

Алдын алуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Проктиттин алдын алууда катуу кармоочу колитти, дизентерияны, геморройду өз убагында дарылоонун мааниси чоң. Каткан заң көтөн чучуктун былжыр челин жаралантат, ошондуктан ич катууну четтетүү зарыл. Бирок ич алдырма клизманы көп жасап, ич алдырма дарыны ашкере колдонуу көтөн чучуктун былжыр челин дүүлүктүрүп, катуу кармама проктитке алып келет. Ошондуктан ич каткан учурда врачка кайрылуу керек. Өткүр тамакты аз ичип, алкоголь ичкиликтеринен баш тартуу сунуш кылынат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8