Противогаз

Википедия дан
ИП-5 совет противогазы
ГП-5 противогазы, ГДРде колдонулган
Ууландыруучу газдардан коргоочу противогазга чейинки шлем. 1915
Биринчи дүйнөлүк согуштагы противогазчан ит
Чыгыш фронттогу орус солдаттары (биринчи дүйнөлүк согуш)

Противогаз — Орус тилинен которгондо-газга каршы . Дем алуу органдарын сактоо каражаты жана ошондой эле көздү жана бетти сактай турган противогаздар болот. Противогаздар сактоо түрлөрү боюнча бөлүнөт:
 чыпкалоочу (фильтрлөөчү) — ууландыруучу заттын конкреттүү түрүнөн айланадагы абаны фильтрлөө. Чыпкалоочу элементти алмаштырып турса болот.
 изоляциялоочу — дем алуучу аралашманы генерациялоо, демек, дем алуу органдары айланадагы аба менен дем албай, патрондон тазаланып чыккан аба менен дем алат.
 шлангдуу — бир канча алыстыктан(10-40метр) аба аралашмасын берүү, адатта чоң көлөмдүү идиштерде колдонулат.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Биринчи жолу шлангалуу противогаздар Санкт-Петербургдагы Исакиев соборунун куполдорун алтын менен жалатууда 1838—1841 жылдары колдонулган. Алар шлангалуу айнек калпакчаларды элестетчү.ошол аркылуу аба берилип турса да, 60 устаны уулануудан сактап калган эмес. Көрсө, терини жогорку конрцентрациялуу сымаптан коргогон нерсе болгон эмес. Уулу сымап тери аркылуу сиңген.Дүйнөдө биринчи жолу фильтрлөөчү көмүрдүү противогаз, 1915-жылы Россияда орус окумуштуусу Николай Дмитриевич Зелинский тарабынан ойлоп чыгарылган. 1916-жылы Антанта армиясында колдонулган. Анын ичиндеги материал активдештирилген көмүр болгон.

Противогаздын түзүлүшү:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

 Резина шлем-маска
 Фильтрлөөчү коробка
 Көз айнек түйүнү
 Обтекатели
 Клапандуу коробка (бир клапан дем тартууга, эки клапан дем чыгарууга (ардайым эмес)
 Бириктирүүчү трубка (бардык моделде болбойт)
 Кээ бир противогаздар сүйлөшүүчү мембрана менен болот
 Кээ бир противогаздар ( резина трубка аркылуу) иче турган жери менен болот
 Кээ бир противогаздардын бет тарабынан айнекти тазалоочу жери менен болот

Противогазды кийүү тартиби:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1. «Газы!» деген команда берилгенде аба киргизбей, демди кармоо керек.
2. Көзду жумабыз.
3. Противогаз сумкасынан противогазды сол кол менен алып чыгып, оң кол менен сумканы ылдый жагынан кармоо керек.
4. Фильтрден клапанды сууруп чыгуу керек.
5. Противогазды кийүүдөн мурун колдун чоң бармагын сыртка, калган бармактарды ич жакка каратуу керек.
6. Шлем-масканын ылдый тарабын ээкке такоо керек.
7. Противогазды башка ылдыйдан өйдө тартып жибериш керек.
8. Демди чыгаруу керек.
9. Кийин бырышып калбасы үчун көз түйунү көздүн тушунда болуусу керек.
10. Сумканы капталга илип коюу керек.

Чечүү:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1. «Отбой!» командасынан кийин, баш бармактар менен кулактын түбүнөн алып, ылдыйдан өйдө тартуу керек.
2. Противогазды противогаз сумкасына салуу керек.
3.Топчуларды бүчүлөө.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]