Профаг

Википедия дан
Профаг (prophage).

Профаг (гр. pro - ордуна, алдында жана фаг) - бактериялык клеткада жайгашкан жана хромосомалар менен бир эле учурда репликациялануучу орточо бактериофагдын (бактериялардын клеткаларын эритүүчү вирустар) геному, бактериофагдын көмүскө (латенттик) инфекциялык эмес формасы. Орточо фагдардын геному (Мисалы, l фагынын) П. абалына өтүп атканда, фагдын геномунун атайын аймагы менен жөнгө салынуучу бактериялык хромосоманын белгилүү бөлүгүнө тизилет (интеграцияланат). Кээде бактериофаг хромосомага кошулбайт жана бактериялык клеткада ДНКнын обочолонгон шакек молекуласы катарында кармалат. Клетка лизисин (фагдардын, жана өзүнүн ферменттеринин таасири астында эрип бузулушу) жөнгө салуучу П-дын гендери репрессивдүү, ошондуктан анда кармалуучу бактерия үчүн зыянсыз, ага гомол. фагды жугузушунда туруктуулукту берет жана лизогендик клеткада көптөгөн муундар бою сакталат. Бирок, өсүп - өнүгүп жаткан лизогендик бактериялардын бир бөлүгүндө П-дын индукциясы (туюнуу жана токтонуу процесстеринин өз ара аракети) башкача атйканда анын бактериялык клетканын лизисине алып келүүчү, жугуштуу абалга спонтандык өтүшү жүрөт. П-дын индукцияланышынын жыштыгы кээ бир агенттердин (мисалы,УК - нурлары) таасири аркылуу жогорулашы мүмкүн. Бактериянын хромосомасына кирген П-дын сайт - атайын рекомбинациялардын эсебинен индукцияланат жана интеграцияланат жана фагдын геномдору менен коддолгон ферменттер аркылуу катализденишет. П-дын индукцияланышында фагдын геномуна бактериялык хромосоманын жакын жайгашкан бөлүктөрү туташышы мүмкүн (П. хромосома менен кошулбаган учурда). Мындай фагдар атайын жана жалпы трансдукцияларды өткөрүү боюнча тажрыйбаларда колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]