РКП(б) БКнын Орто Азия бюросу

Википедия дан

РКП(б) БКнын ОРТО АЗИЯ БЮРОСУ – РКП(б) БКнын өзгөчө укуктуу өкүлдүгү. 1922-жылы 19-майда Түркстан бюросунун ордуна түзүлгөн. Орто Азия республикаларында партиялык уюмдардын иш-аракетин багыттап, сов. чарбалык уюмдарга жетекчилик кылып турган. Бюро конференциялар менен кеңешмелерди өткөрүп, партиялык уюмдарды идеялык, саясий жактан чыңдоодо, лениндик улут саясатын турмушка ашырууда көрүнүктүү роль ойногон. 1925-жылдан ВКП(б) БКнын Орто Азия бюросу деп аталган. 1934-жылы жоюлган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.