Раззаков (аба майдан)

Раззаков аба майданы

ИАТА: жокИКАО: UAFIИЧКИ КОДИФА

Маалымат
Түрү

жарандык

Өлкө

 Кыргызстан

Жайгашкан жери

Баткен облусу, Лейлек району

Ачылган убакыты

1974-жыл

Ээси

Мамлекет

Оператору

«Международный аэропорт Манас» ААК

Хаб катары колдонуучулар
Деңиз деңгээлинен бийиктиги

+1380 м

Убакыт аралыгы

UTC+6

Иш тартиби

күндүн жарык убакыты

Карта
' (Кыргызстан)
'
Абамайдандын Кыргызстандагы жайгашуусу
Учуп-конуу тилкелери
Номуру Ченеми (м) Төшөмү
10/28 1735х35 асфальтобетон
Тик учак аянтчалары
Статистикасы


Раззаков аба майданы (мурдагы аталышы ― Исфана аэропорту), расмий түрдө ― Исхак Раззаков атындагы аэропорту[1]Кыргызстандын Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Раззаков шаарындагы аба майдан. Аба майданы 1974-жылы пайдаланууга берилген. Совет мезгилинде ал Як-40, Ан-24, Ан-26, Ан-28, BAE-146-200 сыяктуу учактарды жана тик учактардын бардык түрлөрүн кабыл алган. Аэродромдо бир асфальт бетондолгон учуп-конуу тилкеси бар. (УКТ) – 1735 х35 м. Аэродромдук классы: «ЗС» ( ИКАОнун ченемдери) жана «Д» (ЭАКнын ченемдери). Республика ичиндеги ички каттамдар үчүн ылайыкталган[2].

Аба майдандын бекетинде жүргүнчүлөр үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн, алар ― каттоочу орундар, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн текшерүүчү аппараттар, жүк лентасы, эне-бала бөлмөсү жана башкалар. Аэробекет комплекси күндүзү ички каттамдарды тейлөө үчүн ылайыкташтырылып курулган.

АН-28 1990-жылы Раззаков аба майданында

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. https://www.gov.kg/ky/post/s/aeroportu-goroda-isfana-prisvoeno-imya-iskhaka-razzakova
  2. Codes of cities in every country (орус.). G-Avia.ru (28 -октябрь (тогуздун айы) 2012). Текшерилген күнү 28 -октябрь (тогуздун айы) 2012. Түп булактан архивделген күнү 8 -ноябрь (жетинин айы) 2018.