Райкин Аркадий Исаакович

Википедия дан
Райкин 2001-жылы Орусиянын мөөрү

Райкин Аркадий Исаакович (латышча: Arkādijs Raikins; 11 (24). 10. 1911, Рига – 17. 12. 1987, Москва) – советтик эстрада, театр жана кино артисти, СССР эл артисти (1968). Социалисттик Эмгектин Баатыры (1981). Ленинград театр техникумун бүткөн (1935). Москвада өткөн (1939) биринчи Бүткүл союздук эстрада артисттеринин конкурсунун лауреаты. 1939-жылдан Ленинград эстрада жана миниатюра театрынын артисти, 1942–82-жылдары көркөм жетекчиси болуп иштеген. Райкин советтик турмушка тоскоол болгон кемчиликтердин бетин курч сатира менен чебер ачып берген. Сатиралык жана лирикалык типтүү образдарды түзгөн. Райкин бир эле спектаклде же сахна миниатюрасында бир нече роль аткарган, ал жетектеген спектаклдер: «Сүйүү жана үч апельсин» (1959), «Экиден элүүгө чейин» (1961), «Светофор» (1969), «Тандалмалар 73» (1973) ж. б. 1982-жылы Райкиндин театры Москвага көчүп Мамлекеттик миниатюра театры, кийинчерээк 1987-жылы «Сатирикон» деп аталган. Театр 1991-жылдан анын ысымында Лениндик сыйлыгынын лауреаты (1980). 1-даражадагы Ата Мекендик согуш, Эмгек Кызыл Туу, Эл Достугу ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]