Ракитников Андрей Николаевич

Википедия дан

Ракитников Андрей Николаевич (1903, Орусия, Саратов губерниясы - 1994, Москва) - геогр. илиминин доктору, (1963), Москва мамлекеттик университетинин профессору.

1924-ж. Саратов шаарындагы айыл чарба институтун бүтүргөн, кийин 1924-жылдан СССР ИАнын экспедициясынын курамында, Казакстан жана Орто Азия аймагынын жаратылыш ресурстарын изилдөөгө катышкан. 1936-ж. «Борбордук Тяньшань жана Ысык-Көл ойдуңу» монографиясы, 1939-ж. «Чыгыш Фергананын айыл чарба зоналары» китеби жарык көргөн. Монографиясы үчүн геогр. илиминин кандидаты болгон. Ошол мезгилден Москва университетинин геогр. факультетинде профессор, айыл чарба географиясы боюнча илимий топтун уюштуруучусу болгон.

Ал жетектеген редакциялык комиссия «СССРдин айыл чарбасын райондоштуруу» боюнча карталарды жарыкка чыгарган (1989). Р. о. эле «Каспий бою ойдуңунун батыш бөлүгүнүн экономикалык географиясы» (1957), «Айыл чарбасынын географиясы» (1970) ж. б. эмгектерди жараткан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71-72. ISBN 9967-14-006-2