Ральф Ландау

Википедия дан
Ральф Ландау (1997).

Ральф Ландау (англ. Ralph Landau; 1916-жылы 19-май – 2004-жылы 5-апрель) – химик-инженер жана химикалык жана химикалык эмес өнөр жайда иштеген ишкер адамы. Ландау 20-кылымдын биринчи жарым жылдыгынын негиз болуучу элүү химия инженерлердин бири жана химиялык өнөр жайынын 75 эң мыкты мүчөсүнөн бири болуп эсептелет. Ландаунун эмгектери химиялык инженерия тармагында тез-тез жарыяланат, ошондой эле, окумуштуунун бир кыйла патенттери бар.

60-жылдары Ландау экономика адистиги боюнча өзүнүн экинчи мансабын, Стэнфорд жана Гарвард университеттеринде, экономиканын теориясын, тарыхын жана технологиялардын химиялык өнөр жайда колдонуусун үйрөнүп баштаган. Ландаунун экономика боюнча эмгектерине саясий жана экономикалык чөйрөлөрдү түшүнүү жана технологиялык жаңылыктарды колдоо сыяктуу маселелерге басым коюлган. Окумуштуу 143-ашык макала жана тогуз китеп жазып чыгарган.

Ральф Ландау бир топ маанилүү сыйлыктарга ээ болгон, алардын ичинде Lester Center for Entrepreneurship & Innovation колледжинин "Маанилүү жетишкендик" сыйлыгы (2003), биринчи Othmer Gold Medal алтын медалы (1997) жана биринчи жолу президент Рональд Рейган 1985-жылы "финансылык жактан ийгиликтүү болгон мунай-техникалык жараяндардын техникалык, жетекчилик жана ишкерликтик ролдору үчүн" ыйгарган АКШ өкмөтүнүн Технология жана жаңычылдар жаатындагы улуттук медалы (англ. National Medal of Technology) жана "Перкин" медалы (1981).

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Илимий ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]