Рапкомова Райильда
Көрүнүш
Рапкомова Райильда (1949) — химия илимдеринин кандидаты, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук агрардык университетинин, биотехнология жана химия кафедрасынын доценти.
Кыскача өмүр таржымакалы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Рапкомова Райильда 1949 — жылы Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Тош-Булак айылында туулган. Улуту кыргыз.
- 1966-жылы Сокулук районундагы Калинин атындагы орто мектепти аяктаган.
- 1971-ж. Кыргыз мамлекеттик университеттин химия факультетин бүтүргөн.
- 1971-74-жж. Кыргыз Республикасынын Дыйканчылык илим изилдоо институтунун ага лаборанты.
- 1974-1977-жж. күндүзгү окуу бөлүмүнүн аспиранты.
- 1977-2001-жж. КР УИА Химия жана химиялык-технология институтунун илимий кызматкери.
- 2001-ж. химия илимдеринин кандидаты. Темасы: “Пиперазин сульфат, м-нитробензойкычкыл пиперазиндин жана эки валенттуу металлдардын туздарынын негизинде биологиялык пайдалуу бирикмелерди синтездоо жана алардын касиеттерин изилдоо”.
- 2001- 2017жж. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук агрардык университетинин биотехнология жана химия кафедрасынын доценти.
Илимий ишмердиги
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Биологиялык активдуу бирикмелерди синтездоо, алардын структуралык формуласын аныктоо жана физкалык, химиялык, фармакологиялык касиеттерин изилдоо.
Негизги илимий–методикалык эмгектери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Алдын ала патент “ Койлордун мониезиоз ооруларын айыктыруу ыкмасы”№ 437, Бишкек, 28.12.2000 жыл.
- Пиперазин сульфат жана м-нитробензойкычкыл пиперазин менен отмо металлдардын сульфаттарынын неизинде биологиялык активдуу бирикмелерди синтездоо жана касиеттерин изилдоо. Ж.Баласагын атындагыц КМУУ Жарчысы -Б., 2003. – серия 3. – 143-152 б.
- Суу жана суу системасындагы заттар. К.И.Скрябин ат.Кыргыз агрардык университетинин Жарчысы -Б. -2009. -№1(12). – 179-183 б.
Сыйлыктары. Наамдары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 1972-ж. Мактоо баракчасы
- 1973-ж. Мактоо баракчасы
- 2015-ж. Ардак баракчасы