Рафикова, Дилерам

Википедия дан

Рафикова, Дилерам (1940, Араван району, Чек-Абад кыштагында төрөлгөн.)-пахтачы, агроном-механизатор, Социялистик Эмгектин Баатыры (1971). 1965-жылдан КПСС мүчөсү. Эмгек жолун 1957-ж. Араван районундагы А. А. Жданов атындагы колхоздо иштөөдөн баштаган. 1960-ж. пахта жыйноочу машинанын механик-айдоочусу;, 1965-жылдан пахтачылык бригадасынын бригадири. Анын бригадасы 1971-ж. ар гектардан 50 цден түшүм жыйнаган; өзү машина менен 250 г пахта терген. 1982-жылдан колхоздун биология лабораториясынын башчысы, 1983-жылдан колхоз председателинин орун басары, 1984-жылдан Ленин атындагы колхоздун председатели. 1967-75-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу, Октябрь Революциясы ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Борбугулов М. "Ош областы энциклопедия" Фрунзе 1989ж.