Көчүбаев, Араван району

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Көчүбаев, Араван району (1983-жылга чейин Чек-Абад) – Ош облусунун Араван районундагы кыштак. Чек-Абад айыл округуна караштуу. Райондун борбору Араван кыштагынан 8 км батыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 40 км. Кыштак 1850-ж. негизделген. Калкы 4963 (2007); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто жана жатак мектеп, эки китепкана, клуб, мечит, амбулатория, дарыкана бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү, тамактануу жайлары иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштакта Социалисттик Эмгектин Баатырлары Т. Көчүбаев (ысымы ушул кыштагыка берилген), М. Умарова, Д. Рафикова туулган.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]