Жаңы-Араван — Ош облусунунАраван районундагыкыштак. Алля Анаров атындагы айыл округуна караштуу. Кекилик-Тоонун этегинде, деңиз деңгээлинен 840 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Араван кыштагынан 10 км чыгыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 30 км. Кыштак 20 кылымдын 30чу жылдарына чейин Эски Араван деп аталып турган. Калкы 2516 (2007); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Эки орто мектеп, бала бакча, маданият үйү, ФАП бар.[1]