Октябрь, Араван району
Jump to navigation
Jump to search
Октябрь, Араван району – Ош облусунун Араван районундагы кыштак. С. Юсупов атындагы айыл аймагына караштуу. Деңиз деңгээлинен 790 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Араван кыштагынан 3 км Түштүк тарапта. Ош темир жол бекетинен 35 км. Кыштак 1932-ж. негизделген. Калкы 3000 (2010); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода жайлары иштейт.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111-7