Көчүбаев
Көрүнүш
Айыл
Көчүбаев
|
Көчүбаев — Кыргызстандын Ош облусунун Араван районундагы айыл. Чек-Абад айыл аймагы кирет.
Райондун административдик борбору ― Араван айылынан 8 км батыш тарапта, Ош темир жол бекетинен 40 км аралыгында жайгашкан. Кыштак 1850-жылы негизделген.
Калкы негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто жана жатак мектеп, эки китепкана, клуб, мечит, амбулатория, дарыкана бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү, тамактануу жайлары иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Айылда Социалисттик Эмгектин Баатырлары Т. Көчүбаев (ысымы ушул кыштагыка берилген), М. Умарова, Д. Рафикова туулган.
Калкы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Калкы ― 5004 киши (2009-жылы)[1], 2007-жылы ― 4963 киши.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ 1.0 1.1 2009 Population and Housing Census (орусча). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 -ноябрь (жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9
Алля Анаров айыл аймагы | Жаңы-Араван • Араван • Аччы • Кара-Булак • Сасык-Үңкүр • Маданият • Пахта-Абад | |
---|---|---|
С.Юсупов айыл аймагы | Араван • Каррак • Октябрь • Эрке-Кашка • Сүткор | |
Мангыт айыл аймагы | Мангыт • Кесек • Кызыл-Коргон • Төлөйкөн • Жаңы-Арык | |
Керме-Тоо айыл аймагы | Гүлбахор • Кичик-Алай • Күндөлүк • Майдан-Тал • Миң-Теке • Сары-Булак • Чогом | |
Тепе-Коргон айыл аймагы | Тепе-Коргон • Арап • Интернационал • Кесов • Уйгур-Абад • Чертик • Янги-Абад • Янги-Юль | |
Нурабад айыл аймагы | Кайрагач-Арык • Какыр-Пилтан • Лангар | |
Төө-Моюн айыл аймагы | Хауз • Ак-Шор • Жеке-Мисте • Керкидан • Найман • Сары-Таш • Сырт | |
Чек-Абад айыл аймагы | Көчүбаев • Агроном • Жакшылык • Жар-Кыштак • Кукалапаш • Максим-Тобу • Пахтачы • Төлөйкөн |