Рахимова, Магрифа

Википедия дан

Рахимова Магрифа (1929-ж. т., Жети-Өгүз району, Челпек айлы - 2010) — тарыхчы, педагогикалык илимдеринин доктору (1980), профессор (1982). Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери (1990), Эл аралык педагогика илимдер академиясынын академиги (1995; корреспондент мүчөсү, 1993).
1950-ж. КМУнун тарых факультетин бүтүргөн.
1951—54-ж. КМУнун педагогикалык жана психология кафедрасында ассистент, 1954—67-ж. В. В. Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунун педагогика жана психология кафедрасында окутуучу, улук окутуучу, 1968—81-ж. ошол эле институттун педагогикалык факультетинде (сырттан окуу бөлүмү боюнча) декан. 1981-жылдан педагогика кафедрасынын башчысы.
Рахимованын илимий эмгектери Кыргызстанда мектепке чейин тарбиялоонун тарыхына жана өнүгүү проблемасына (анын ичинде улуттук балдар бакчаларында тарбиялоого) арналган. 50дей илимий эмгектин (анын ичинде 15 монография жана окуу китептери) автору. Жогорку мектептин (1973), Кыргыз Республикасынын эл агартуу отличниги (1974).

Эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Балдарды адептүүлүккө тарбиялоо (Ионова Л. П. менен авторлош). — Фр.: 1978;
Кыргыз Республикасындагы мектепке чейинки тарбия системасынын өнүгүшү (1917—1992-ж.) — Б.: 1993.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.

Айрым шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Элдик педагогиканын мөл булагы Archived 2016-07-22 at the Wayback Machine