Рахман Разыков

Википедия дан
Рахман Разыков
Туулган жылы:

12 -май 1955(1955-05-12)

Туулган жери:

Савай, Кара-Суу району, Ош облусу, Кыргыз ССРи

Каза болгон жылы:

7 -июнь 2021(2021-06-07) (66 жаш)

Каза болгон жери:

Ош, Кыргызстан

Ишмердүүлүгү:

куудул, сатрик, актёр, акын

Жарандыгы:

СССР желеги СССР
 Кыргызстан

Рахман Разыков (1955-2021) — Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү куудул, сатирик

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Рахман Разыков 1955-жылы 12-майда Ош облусунун Кара-Суу районунун Таширов колхозунда, азыркы Савай айылында туулган.

Куудул "Таң жылдызы" “Бешилик”, “Беш кемпир", “Беш тапан” сыяктуу бир канча топторду негиздеген. Сатирадан тышкары ыр дагы жазганы белгилүү.

Разыков чыгармачылыктан тышкары саясий көз карашын да активдүү билдирип турган. Ал катышкан “Ар бир айдын алтысы”, “Ортодо турса үч пахан, оңолмок элек биз качан” сыяктуу концерттерде бийликтеги адамдар тамашага салынып, сындалчу.

Разыков ушул жылдын январь айында “Ордодо турса үч пахан, оңолмок элек биз качан” аттуу концертине бийлик бут тосуп, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) аларды суракка чакырганын билдирип чыккан.

Ал бир канча жолу Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон. Соңку парламенттик шайлоодо “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын тизмеси (22) менен шайлоого барган.

Рахман Разыков 2021-жылы 7-июнда пневмониядан дүйнөдөн кайтты. Артында үч уул, үч кызы калды.

Тасмаграфиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эскермелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]