Рахматулла датка

Википедия дан

Рахматулла Датка - Кокон хандыгынын аскерлери турган Пишпек (Бишкек) чебинин 1861-62-ж. башкаруучусу.
Чүй боорундагы кыргыздарды Кокон хандыгынын таасирине тартууга умтулган. Токмок жана Пишпек чептерин чыңдоо үчүн кыргыздарды зордоп иштеткен. Анын зордук-зомбулук саясаты жергиликтүү элдин нааразычылыгын күчөткөн. Рахматулла Датканын солто уруусунун чоң манабы Байтик Канай уулунун баласы Байсалды кордогондугу чүйлүк кыргыздардын Рахматулла Даткага каршы Байтик баатыр башында турган көтөрүлүшүнө түрткү болгон.
1862-ж. Байтик Рахматулла Датканы мейманга чакырып, анын жан-жөкөрлөрүн жигиттерине кырдыртып салат. Качып кетүүгө үлгүргөн Рахматулла Датканы Көкүм баатыр кууп жетип, найза менен сайып өлтүргөн. Рахматулла Датка Кокон хандыгынын Чүйдөгү акыркы башкаруучусу болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]