Резерват

Википедия дан

Резерват (лат. reservo – коргойм, сактайм) – өзгөчө коргоого алынган табигый аймак. Анда табияттын бир компоненти же биоценоздору (мисалы, сейрек кездешүүчү же жоголуу алдында турган баалуу организмдер) корголуп, колдонулушу жана режими жактан заказникке же корукка жакын. Термин негизинен Европа, Азия, Африка өлкөлөрүндө кеңири колдонулат. Кыргызстанда Ысык-Көл биосфералык резерваты бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]