Реинфекция

Википедия дан

Реинфекция (reinfectio; Ре- + Инфекция, кайталанган инфекция синоними) — жугуштуу оорунун кайталануусу.

Реинфекция тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам кандайдыр бир жугуштуу дарт менен ооруп айыккандан кийин кайра ошол эле инфекциянын козгогучун жугузуп алып, ошол эле оору менен ооруйт. Бардык эле жугуштуу оорулар кайталана бербейт. Мисалы, кызылча, суу чечек, паротит менен киши өзүнүн турмушунда бир гана жолу бала кезинде ооруйт.
Айыккандан кийин анын өмүрүнүн аягына чейин туруктуу иммунитет (кабыл албоочулук) пайда болот. Ал эми кээ бир жугуштуу дарттар айрыкча ичеги-карын ооруларынын козгогучтарынын түрлөрү көп болуп, иммунитет туруксуз келгендиктен, ал оорулар бир нече жолу кайталануусу мүмкүн.


Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8