Рекреация

Википедия дан

Рекреация (лат. recreatio – калыбына келтирүү) – адамдын физикалык, руханий жана эмгек процессинде сарптаган күч-кубатын калыбына келтирүү. Ал эс алуунун бардык тармагын (санаторий-курорттук дарылануу, туризм ж. б.) камтып, ден соолукту чыңоочу иш-аракеттердин комплексинен турат. Рекреациянын пассивдүү түрүнө (мисалы, уктоо же сейилдөө) караганда активдүүсү (саякат, спорт ж. б.) кеңири таралууда. Ага ылайык комплекстерди уюштурууда, биринчи кезекте, рекреациялык ресурстар жана социалдык факторлор эске алынат.

Кыргызстандын рекреациялык ири аймактарынын көпчүлүгү табигый шарттардын жана ресурстардын (Ысык-Көлдүн жээги, Теңир-Тоонун жайлоолору жана кооз капчыгайлары, минералдуу булактар чыккан бальнеологиялык курорттор ж. б.) негизинде уюштурулган.

Байланыштуу макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]