Рекреациялык география

Википедия дан

Рекреациялык география – социалдыкэкономикалык географиянын бир тармагы. Эмгекчилердин ден соолугун, күч кубатын жана рухий абалын калыбына келтирүүгө багытталган адам ишмердигинин (эс алуу, туризм) аймактык закон ченемдүүлүгүн изилдейт. Ал рекреациянын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган тармактуу коомдук жана табигый илимдерди (социология, экономика, физиология, медицина, архитектура ж. б.) камтып турат. Европанын жана Американын көпчүлүк өлкөлөрүндө рекреациялык география туризм жана эс алуу географиясы же бош убакыт географиясы катары колдонулат. Негизги иликтөөчү объектиси – табигый жана маданий комплекстерден турган аймактык рекреациялык система, рекреациялык ресурстар жана рекреациялык ишмердүүлүк.

Байланыштуу макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]