Рекуператор

Википедия дан

Рекуператор (лат. recuperator - кайра алгыч, кайра кайтаргыч) - сыртка чыгарыла турган газдын жылуулугун пайдалана турган жылуулук алмаштыргыч; мында жылуулук ташыгычтардын жылуулугу аларды болуп турган бет (каптал) аркылуу үзгүлтүксүз берилет.

Рекуператордогу жылуулук ташыгычтардын агымынын жолу өзгөрүлбөйт, б. а. дайыма бир жердей агат. Жылуулук ташыгычтардын схемасы боюнча Рекуператор каршы акма, түз акма, кайчылаш акма болуп айырмаланат.

Конструкциясына жараша түтүктүү, пластинкалуу, кырдуу; арналышына карата аба, газ, сухоктук ысыткыч, бууланткыч, конденсатор ж. б. болуп айырмаланат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.