Ренвил макулдашуусу

Википедия дан

Ренвил макулдашуусу - голландиялык империалисттердин Индонезия Республикасына каршы биринчи колониалдык согушун (1947-48) жыйынтыктаган.

Ага 1948-ж. 17-январда Индонезия менен Нидерланд өкмөтү кол койгон. Сүйлөшүүлөр Жакарта портундагы амер. «Ренвилл» кемесинде өткөн (аталышы ошондон). Ренвил макулдашуусу Индонезия Республикасы үчүн Лингажат келишиминин (1947) шартынан бир кыйла оор болгон. Индонезия аскерлеринин саны кыскарып, Ява, Суматра аралдарынын кыйла бөлүгү, о. эле порт шаарлар менен нефть алынуучу жерлер Голландиянын колунда калып, Индонезиянын бардык жеринде Нидерланддын бийлиги таанылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.