Репарации (калыбына келтирүүлөр)

Википедия дан

Репарации (калыбына келтирүүлөр) (лат. reparatio – калыбына келтирүү) – эларалык укуктун субъектинин эларалык укук бузууларынын натыйжасында экинчи субъектке келтирген зыяндары үчүн материалдык жоопкерчилигинин бир түрү. Репарация натуралай, акчалай же башка материалдык калыбына келтирүү, болбосо бир эле убакта чыгымдардын ордун толтуруу жана реституция түрүндө төлөнүшү мүмкүн. Алгач репарация зыянды толтуруунун жолу катары Германиянын жана анын союздаштарынын 1914–1918-жылдардагы Биринчи дүйнөлүк согуштун жүрүшүндө келтирген зыяндарды төлөп берүүсү 1919-жылкы Версалдык тынчтык келишиминде каралган. Азыркы учурдагы эларалык укукта репарация баарыдан мурда баскынчылык согушту баштаган мамлекеттин материалдык жоопкерчилиги катары чыгат (согуштук репарация).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]