Репрессия (биологиялык абал)

Википедия дан

Репрессия (биологиялык абал) - оперон аркылуу коддолуучу, ферменттердин синтези токтотулган гендин абалы. Р-лык ферменттер үчүн активсиз репрессор (апорепрессор) мүнөздүү. Алар клеткага төмөн молекулалуу заттар - корепрессорлор келип түшкөндө активделет. Клеткада кармалуучу эң эле көп сандагы гендердин ичинен кээ бир гана гендер активдүү абалда байкалат. Р. транскрипциянын деңгээлинде жүрөт, башкача атйканда маалымат ДНКдан м-РНКга өтүшүндө жүрөт. Транскрипция ген боюнча "жылуучу" жана м-РНКны чогултуучу РНК - полимераза ферментинин катышуусунда жүзөгө ашат. Бул синтез үчүн РНК - полимераза ферментинин макромолекулалары ген менен мейкиндикте жакындашуусу керек. Бул ген бош болгондо гана мүмкүн. Эгерде анын үстүңкү бети ачык эмес болсо, Мисалы, кандайдыр бир башка зат менен биригишип турса, анда ген менен РНК - полимеразанын өз ара аракеттениши мүмкүн эмес, транскрипция процесси аткарылбайт жана тиешелүү белоктун синтези Р-ланат. Гистондук белоктор гендин үстүңкү бетин оккупациялоочу зат, башкача атйканда репрессор болуп саналат.

Маалыматтын агымынын чектелиши транскрипциянын деңгээлинде гана эмес, трансляциянын, башкача атйканда м-РНКнын калыбында белоктун синтелизишинде да жүрүшү мүмкүн. Гормондордун таасири астында м-РНКнын молекуласынын уз. боюнча рибосомалардын аракети кескин токтотулушу же толугу менен тыйылышы мүмкүн. Белоктун синтезинин жүрүшүнө чоңоюп, өсүп бара жаткан полипептиддик тизмек таасир кылат: гормондордун таасири астында анын түзүлүшү өзгөрөт, ал матрицага бекем биригет жана белок синтезине тоскоолдук кылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]